Sign In
ЕАЭБдин жана Таиланддын кызматташтыгынын перспективалары бизнес-форумдун алкагында талкууланды

ЕАЭБдин жана Таиланддын кызматташтыгынын перспективалары бизнес-форумдун алкагында талкууланды

23.07.20
22-июлда видеоконференция режиминде өткөрүлгөн "Россия – Таиланд" бизнес-форумунда COVID-19 пандемиясынан кийин соода-экономикалык кызматташтыкты калыбына келтирүү маселелери көңүл борборунда болду.

Форумда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян катышты. Ал ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Таиланд Королдугунун ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалы тууралуу айтып берди жана Кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында ЕЭКтин жана Королдуктун Өкмөтүнүн ортосундагы биргелешкен жумушчу топтун биринчи отуруму ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүн белгилеп өттү.

"Меморандумга кол коюу менен, биз Бирликтин өлкөлөрүнүн жана Таиланддын соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү үчүн мыкты аянтча түздүк. Жумушчу топтун алгачкы отурумунун жүрүшүндө Таиланддын ишкердик коомдоштуктар үчүн экспорттук потенциалынын презентациясы болуп өттү. Бул ишти улантуу, жумушчу топтун кийинки отурумун өткөрүү, ошондой эле "ЕАЭБ – Таиланд" биргелешкен бизнес-форумун уюштуруу зарыл", – деди Гоар Барсегян.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар сооданы жана ишкердик активдүүлүктү калыбына келтирүү демилгелерин, анын ичинде потенциалдуу инвестициялык кызматташтык, өлкөлөрдүн ортосундагы аба каттамдарын кайра баштоо, ошондой эле "МИР" төлөм тутумун Таиланддын рыногуна чыгаруу маселелерин талкуулашты.

"Россия – Таиланд" форуму "Россия – АСЕАН" Ишкердик кеңеши, Россия-Таиланд ишкердик кеңеши, Россиянын Соода-өнөр жай палатасы жана Таиланддын Өнөр жай федерациясы тарабынан уюштурулду. Форумда Россия-Таиланд Ишкердик кеңешинин Төрагасы Валерий Барченко, "Россия – АСЕАН" Ишкердик кеңешинин Төрагасы Иван Поляков, Россия Федерациясынын Таиланддагы Элчиси Евгений Томихин, Таиланддын Россиядагы Элчиси Тханатип Упатисинг чыгып сүйлөштү.

Маалымат

ЕЭКтин жана Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 19-ноябрында Бангкокто кол коюлган. Меморандумду ишке ашыруунун алкагында биргелешкен жумушчу топ түзүлүп, анын алгачкы отуруму 2019-жылдын 4-июнунда өткөрүлгөн.​