Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү импорттолуп жаткан асыл тукум продукцияга талаптарды бир түргө келтиришмекчи

ЕАЭБ өлкөлөрү импорттолуп жаткан асыл тукум продукцияга талаптарды бир түргө келтиришмекчи

23.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 22-декабрда "Айыл чарба жаныбарларын жана алардан алынган продукцияны (материалды) асыл тукум продукция деп таанууга карата бир түргө келтирилген мамилелер жөнүндө" деп аталган сунуштаманы бекитти.

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттерине үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген асыл тукум продукциянын сапатына контроль жүргүзүү сунушталган. Мындан сырткары, – айыл чарба жаныбарларын асыл тукум деп таанууну мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын корутундусу боюнча ишке ашыруу, ошондой эле аларга ылайык, алып келүүгө жаткан асыл тукум жаныбарлар жана алардын продукциясы идентификациялык номерлерге ээ болууга, генетикалык оорулардын алып жүрүүчүсү болбоого жана селекциялык-асыл тукумдук иштерде андан ары колдонуу үчүн маалыматтарды камтыган тийиштүү документтер менен коштолууга тийиш болгон шарттарды камсыз кылуу сунушталган.

Бирликтин өлкөлөрүндө асыл тукум малдардын өндүрүмдүүлүгүнүн орточо деңгээли бир кыйла айырмалангандыгын эске алуу менен, аталган сунуштама мүчө мамлекеттер үчүн зарыл болгон учурда импорттолуп жаткан асыл тукум продукцияга карата кошумча талаптарды белгилөө мүмкүнчүлүгүн караштырат. Мисалы, анын минималдуу өндүрүмдүүлүгүнө жана асыл тукумдук баалуулугуна.

Сунуштаманын жоболору импорттолуп жаткан асыл тукум продукцияга талаптарды ЕАЭБдин алкагында асыл тукум жаныбарлардын генетикалык экспертизасы, алардын породасын жана породалуулугун аныктоо, алар жөнүндө маалыматтардын курамы жагында колдонулган талаптар менен теңдейт.

"Сунуштаманын жоболорунун мүчө мамлекеттер тарабынан ишке ашырылышы айыл чарба жаныбарларын жана алардын продукциясын асыл тукум деп таануудагы мамилелердин бир түргө келтирилишин, селекциялык-асыл тукумдук иште колдонуу үчүн асыл тукум продукция жөнүндө берилип жаткан маалыматтардын сапатынын жогорулашын, сапатсыз асыл тукум продукциянын жана генетикалык ооруларды алып жүрүүчү жаныбарлардын импортунун азайышын камсыз кылат", – деди Комиссиянын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян.

Документ ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын, бизнесинин жана илимий уюмдарынын өкүлдөрү менен консультациялардын натыйжалары боюнча иштелип чыккан. Эксперттердин пикири боюнча, Коллегиянын сунуштамасы Бирликте селекциялык ишти жана асыл тукум продукция менен сооданы өнүктүрүүгө оң таасир берет.​