Sign In
Евразиялык интеграциянын бизнес жүргүзүү шарттарына таасиринин негизги индикаторлорунун тутуму түзүлүүдө

Евразиялык интеграциянын бизнес жүргүзүү шарттарына таасиринин негизги индикаторлорунун тутуму түзүлүүдө

23.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков ЕЭК Коллегиясынын отурумунда экономикалык интеграциялык процесстердин бизнес жүргүзүү шарттарына таасиринин негизги көрсөткүчтөрүн түзүү жана колдонуу боюнча эл аралык иш-тажрыйба жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин тажрыйбасы жөнүндө баяндама жасады.

"Учурда ЕАЭБде интеграциянын бизнеске таасирин мүнөздөгөн, KPI деп аталган, негизги көрсөткүчтөрдүн жана индикаторлордун тутуму жок, – деп белгиледи ЕЭК министри. – Мындай жагдай Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин Бирликтин бизнес-коомдоштугу жана калкы үчүн оң таасирлерин, ошондой эле ЕАЭБде интеграциянын өнүгүү темптерин толук кандуу баалоого мүмкүндүк бербей жатат".

Ошондуктан, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарына киргизилген чаралардын жана механизмдердин катарында бизнес жүргүзүү шарттарын жана интеграциялык процесстерди мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөрдүн жана индикаторлордун тутумун түзүү каралган. Буга байланыштуу 2022-жылдын аягына чейин негизги көрсөткүчтөрдүн жана индикаторлордун тутумун түзүүнүн методологиясын иштеп чыгуу жана бекитүү, ал эми 2023-жылдан тарта алардын максаттуу маанилерине жетүүгө мониторингди баштоо пландаштырылган.

ЕЭК Коллегиясынын отурумунда евразиялык интеграциянын бизнеске таасиринин негизги көрсөткүчтөрүнүн жана индикаторлорунун тутумун түзүүнүн негизине айланышы мүмкүн болгон методологиялык ыкмалар талкууланды.​