Sign In
"Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке карата стандарттардын тизмектери жаңыланды

"Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке карата стандарттардын тизмектери жаңыланды

23.12.20

Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышы камсыз кылынган стандарттардын тизмегине жаңыдан кабыл алынган 11 мамлекеттер аралык стандарт, Тизмекте буга чейин камтылган стандарттардын ордуна кабыл алынган 20 мамлекеттер аралык стандарт, ошондой эле Беларусь Республикасынын жаңы иштелип чыккан 2 улуттук стандарты киргизилди.

Изилдөө ыкмаларына карата стандарттардын тизмеги жаңыдан кабыл алынган 30 мамлекеттер аралык стандарт, тизмекте буга чейин камтылган стандарттардын ордуна кабыл алынган 16 мамлекеттер аралык стандарт, ошондой эле жеңил өнөр жай продукциясынан бөлүнүп чыккан химиялык заттарды аныктоо боюнча иштелип чыккан 8 усул менен толукталды.

Стандарттардын тизмектери эксперттердин жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте ЕЭК тарабынан иштелип чыккан.​