Sign In
ЕЭК жана, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары, Куба жакынкы үч жылга карата кызматташтыктын пландарын түзүшүүдө

ЕЭК жана, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары, Куба жакынкы үч жылга карата кызматташтыктын пландарын түзүшүүдө

23.12.20

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян жана Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын Ыйгарым укуктуу Элчиси Хулио Антонио Гармендия Пенья 22-декабрда өткөрүлгөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Гаванага Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу берилгендигин эске алуу менен Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кубанын кызматташтыгынын иш-тажрыйбалык аспектилерин талкуулашты. Аталган жолугушуу ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

Гоар Барсегян Комиссиянын атынан Куба Республикасын ушул жылдын 11-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кабыл алынган чечим менен куттуктап, ЕЭКти жана Куба Республикасынын Өкмөтүн кызматташтыктын кызуу, активдүү күн тартиби күтүп турат жана ал буга чейин Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында калыптанган өз ара аракеттенүүнү толуктайт деп белгиледи.

"Биз ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун алгандыгыбызга абдан кубанычтабыз, бул чечим Кубада кубаныч менен кабыл алынды. Биздин кызматташтыгыбыздын тереңдетилиши, биринчи кезекте, соода-экономикалык кызматташтык жана технологиялар менен алмашуу сыяктуу чөйрөлөрдөгү андан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн көптөгөн перспективдүү мүмкүнчүлүктөрдү ачат", – деди Гармендия Пенья.

Маектин жүрүшүндө тараптар кийинки үч жылга карата кызматташтыктын күн тартибин түзүү маселесине өзгөчө көңүл бөлүштү. 2021–2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралардын жаңы планынын ЕЭКтин сунуштарын камтыган долбоору буга чейин кубалык тарапка
дипломатиялык каналдар боюнча анын сунуштарын киргизүү үчүн жиберилген. Бул тууралуу келишкендикке
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин Куба Республикасынын Премьер-министринин орун басары Рикардо Кабрисас Руис менен ушул жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген.

"Биз, 2021-жылдын башында эле пландын аяккы макулдашуусуна жетишүү жана аны ишке ашырууга киришүү үчүн, кубалык тараптын сунуштарын ыкчам иштеп чыгууга даярбыз", – деп белгиледи Гоар Барсегян.

План өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен комиссиянын ишин уюштурууга байланыштуу кызматташтыктын жалпы (уюштуруучулук) маселелерин да, Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда аныкталган кызматташтыктын чөйрөлөрү боюнча өз ара аракеттенүүнүн түздөн-түз маселелерин да, ошондой эле ЕАЭБдин жана Куба Республикасынын ишкердик коомдоштуктарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө байланыштуу маселелерди камтымакчы.

ЕЭКтин жана Куба Республикасынын өкүлдөрү мүчө мамлекеттердин жана Кубанын ишкердик коомдоштуктарынын ортосунда байланыштарды орнотуунун маанилүүлүгүнө басым жасашты. Бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү 2018-жылдын 31-майындагы ЕЭКтин жана Кубанын Өкмөтүнүн ортосундагы Меморандумга ылайык түзүлгөн өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен комиссиянын линиясы боюнча иш-чараларда да, мүчө мамлекеттерде уюштурулуучу евразиялык тематика боюнча конгресстик-көргөзмө иш-чараларында да катышууга чакырылмакчы.
 Кеп Петербург эл аралык экономикалык форуму, Астана эл аралык экономикалык форуму, Евразия экономикалык форуму сыяктуу форумдар жана башкалар жөнүндө болууда. Ошондой эле, кубалык өнөктөштөрдү ЕЭКтин өз ара аракеттенүү боюнча Консультативдик кеңешинин жана ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин ишинин алкагындагы иш-чараларга тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

"Бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү интеграциянын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат", – деп белгиледи Гоар Барсегян.

Ошондой эле, Гоар Барсегян элчини ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекитилген, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттары жөнүндө маалымады, ал Бирликтин бирдиктүү рыногун жана "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциясын өнүктүрүү боюнча амбициялуу пландардан сырткары ЕАЭБдин заманбап дүйнөнүн өнүгүү борборлорунун бири катары калыптанышын караштырат. Бул максатка жетүү үчүн башкалар менен катар ЕЭКтин ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусун алган мамлекеттердин өкмөттөрү менен биргелешкен иш-аракеттеринин пландарын түзүү жана ишке ашыруу каралган.​