Евразия
экономикалык комиссиясынын Кеңеши 23-ноябрдагы отурумунда Жогорку Евразия
экономикалык кеңешинин "Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн
2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары жөнүндө" чечиминин долбоорун
жактырды.
Атап айтканда, Стратегиялар-2025 долбооруна Кыргыз Республикасынын каржылоодогу
учурдагы мамилелерди толуктоо аркылуу учурда иштеп жаткан өнүгүү
институттарынын алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин
региондорунун өнүгүп келе жаткан экономикаларын өнүктүрүү үчүн шарттуу
максаттуу каржылоо механизмдерин жана программаларын киргизүү маселесин иштеп
чыгуу жөнүндө сунушу киргизилди.
Буга чейин ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Стратегиялар-2025 долбоорун
жалпысынан жактырышкан жана Комиссияга тараптар менен биргеликте анын кем
жерлерин иштеп чыгууну тапшырган. Андан кийин дагы 36 позиция кароого
чыгарылып, иштин жыйынтыктары боюнча келишпестиктердин көпчүлүк бөлүгү жоюлган.