Sign In
ЕЭК бизнес менен биргеликте эл аралык күн тартибин өнүктүрүүдө

ЕЭК бизнес менен биргеликте эл аралык күн тартибин өнүктүрүүдө

23.10.20
Евразия экономикалык бирлигинин Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ), Европа бирлигинин (ЕБ), Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН), Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), Африка Бирлигинин жана Латын Америкасынын аймактарындагы өнөктөштөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери 23-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев төрагалыгы алдында өткөн кеңешменин жүрүшүндө каралды.

Талкуу 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорун жүзөгө ашыруу иштерди пландаштыруунун алкагында өттү.

"Кеңешменин милдети – Бирликтин эл аралык ишмердүүлүгүнө тиешелүү стратегиялык багыттардын жоболору боюнча Комиссиянын ишинин план-графигин иштеп чыгуу, – деп белгиледи Сергей Глазьев. – Жана биз эл аралык күн тартибин бизнес менен биргеликте иштеп чыгуу, ишкердик чөйрөлөргө Бирликтин өнөктөш мамлекеттериндеги кесиптештери менен диалог үчүн инфраструктураны сунуштоо туура экендигине толук ишенебиз”.

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян өз сөзүндө ЕАЭБдин учурдагы эл аралык байланыштарынын инфраструктурасы жөнүндө кеңири айтып, бизнес-коомчулугунун өзгөчө ролун баса белгиледи. Атап айтканда, ал ишкердик чөйрөлөр үчүнчү өлкөлөр жана регионалдык ассоциациялар менен натыйжалуу иш алып баруусу үчүн Комиссия тарабынан сунушталган механизмдерди санап өттү. Баарыдан мурда, бул кол коюлган меморандумдардын алкагында атайын түзүлгөн жумушчу топтор, алардын отурумдарында ишкердик чөйрөлөр иштин бардык маселелерин тыкыр талкуулап жана бизнес форумдарды өткөрө алышат, ошондой эле өнөктөш мамлекеттерге бизнес миссиялар менен баруу, же тескерисинче, Бирлик өлкөлөрүндө делегацияларды кабыл алуу боюнча иш алып баруу.

Кеңешменин катышуучулары – ЕАЭБ Ишкер кеңешинин, беш өлкөнүн ишкер жана эксперттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү – дүйнөнүн ар бир аймактарындагы өнөктөштөр менен Бирликтин эл аралык иш-аракеттерине карата мамилелер жөнүндө пикир алмашышты.

Талкуунун жүрүшүндө КМШ менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралып, эки бирикменин интеграциялык тажрыйбасын айкалыштыруунун маанилүүлүгүнө басым жасалды.

Евразиялык экономикалык интеграциянын учурдагы абалы жөнүндө европалык түзүмдөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу, анын эксперттик колдоосун күчөтүү жана ишкердик коомчулуктун потенциалын кыйла кеңири пайдалануу менен Евразия жана Европа комиссияларынын ортосундагы диалогду жаңы практикалык деңгээлге чыгаруу сунушталды.

Ишкер чөйрөлөрдүн профилдик бирикмелеринин Бирликтин АСЕАН, Латын Америкасы менен Африканын өлкөлөрү жана интеграциялык бирикмелери менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү боюнча сунуштары талкууланды.

Бизнес коомчулугунун өкүлдөрү өз кадамдарын кошумча иштеп чыгууга даяр экендигин белгилешти жана Бирликтин эл аралык күн тартибин ишке ашыруу жагында ЕЭК менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдарлыгын ырасташты.

Талкуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Сергей Глазьев Бирликтин интеграцияланган маалымат тутумунун алкагында Бирликтин эл аралык кызматташтыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат базасын түзүү идеясын талкуулоону сунуш кылды, аны зарыл болгон учурда ЕЭК жана ЕАЭБ мамлекеттери гана эмес, ошондой эле бардык кызыкдар өкүлдөр, биринчи кезекте ишкер чөйрөлөр жана эксперттик коомчулук колдоно алышат​.