Sign In
ЕАЭБнын координацияланган өнөр жай саясатына Армениянын кошулушу армян өнөр жай комплексинин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт

ЕАЭБнын координацияланган өнөр жай саясатына Армениянын кошулушу армян өнөр жай комплексинин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт

22.07.15

Дискуссиянын Модератору ЕЭКтин  Өнөр жай жана агроөнөржай комплекс маселелери боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский болду. Иш чарага ЕЭК Коллегия Мүчөсү (Министр) Роберт Арутюнян, Армениянын өнөр жана айыл чарба тармагы боюнча ыйгарым укуктуу министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле армян бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Форумдун катышуучулары менен саламдашуу сөзүндө ЕЭК Министри Сергей Сидорский ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган мүмкүнчүлүктөр мүчө мамлекеттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи. " Учурда Тараптар жана Комиссия тарабынан иштелип жаткан Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары ЕАЭБ алкагында өнөр жай кызматташтыгынын стратегиясын жакынкы беш жылга аныктайт, - деп белгиледи ЕЭК Министри.- Мындан тышкары, документте ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өнөр жай комплексин технологиялык жактан өнүктүрүү, кооперацияны тереңдетүү, Бирликтин жалпы рыногунда өнөр жай товарларынын импортун алмаштыруу, ошондой эле, кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясынын экспортун көбөйтүү жаатында коюлган максаттарга жетүү үчүн механизмдер жана инструментарийлер  каралат".

ЕЭК Министри Роберт Арутюнян өз сөзүндө, Армения ЕАЭБнын толук укуктуу мүчөсү экенин, ошондуктан армениялык бизнес Бирликтин органдары жана биринчи кезекте ЕЭК үчүн күн тартибин аныктоо маселесинде максималдуу жигердүүлүк көрсөтүшү керектигин эскертти. "Армения ЕАЭБнын экономикалык өнүгүүсү боюнча,  ошондой эле азыркы тапта өлкөнүн экономикасы үчүн маселелерди жаратып жаткан тоскоолдуктарды чечүү боюнча өз сунушу болушу зарыл,- деди Роберт Арутюнян.  - Бирликтеги өнөр жай кооперация жана интеграция процесстерине өлкө толугураак катышышы үчүн конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу зарыл. Армениянын ЕАЭБ менен жалпы чек араларынын жоктугу өнөр жай тармагындагы кооперациянын долбоорлорун иштеп чыгууда эске алынышы керек, анткени тийиштүү жол инфраструктурасынын иштеши машина куруу  тармагындагы ишканаларды жана ошондой эле өнөр жайынын өлкөдө буга чейин жок болгон секторлорун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет".

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директору Владимир Мальцев, иш чаранын негизги баяндамасы менен чыгып сүйлөп, "ЕАЭБ алкагында өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын" ык-амалдарын, принциптерин жана мазмунун түшүндүрдү.  Ал улуттук өнөр жай стратегияларында инновациялык жана алдыңкы илимий технологияларга багыт алуу зарылчылыгына баса көңүл бурду.  "Технологиялык революция жүрүп жаткан, принципиалдуу жаңы өнүмдөр жалпыга жайылтылган жана өнөр жай өндүрүштөрүнүн көмүр суутекке көз карандылыгын төмөндөтүүгө аракет кылынып жаткан азыркы шартта, бул ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн экономикалык динамикасын сактап калууга гана эмес, жогорулатууга да мүмкүндүк берет", - деди Владимир Мальцев.

Иш-чаранын жыйынтыгында Форумдун катышуучулары резюлюция кабыл алуу менен ЕАЭБ алкагында өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын долбоорун колдошту, ошондой эле улуттук бизнес-ассоциацияларга бул документти дагы кошумча иштеп чыгууга жана сунуштарын Комиссияга берүүгө сунуш-көрсөтмөлөрүн беришти.

"Өзүбүздүн жеке продукцияларыбыздын эсебинен рынокту толтуруу үчүн ЕАЭБнын жалпы рыногунун сыйымдуулугун талдап чыгуу зарыл, ошол эле учурда Кытайдын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын рынокторун өздөштүрүү да абзел, анткени алар биз жогорку сапатта сунуштай ала турган экспорттук продукцияны кабыл алууга даяр, - деп жыйынтыктады Сергей Сидорский. - Ошондо жакынкы беш жыл аралыгында ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн экономикалары таптакыр башкача болот".

Ошол эле күнү ЕЭК АӨК жана өнөр жай боюнча Министри Сергей Сидорскийдин, ЕЭК Министри Ара Нраняндын жана Армениянын Айыл чарба министринин биринчи орун басары Гриша Багияндын иш боюнча жолугушуусу болуп өттү.

 Жолугушуунун жүрүшүндө алар макулдашылган агроөнөр жай саясатын жүзөгө ашыруунун алкагында Бирлик өлкөлөрү жүзөгө ашырып жаткан эң маанилүү келечектүү иш-чараларды талкуулашты, мисалы; негизги айыл чарба товарлары боюнча биргелешкен божомолдорду түзүү, айыл чарбасын колдоодо сооданын өзгөргөн көлөмүн эсептөөнүн жаңы методологиясын иштеп чыгуу,  ошондой эле үрөнчүлүк жана асыл тукумдагы малды өстүрүү чөйрөсүндө тармактык макулдашуулар. Булар боюнча долбоорлорду Тараптар  иштеп чыгып, макулдашуулар жүргүзүлүүдө.

"Бул маселелерди чечүү бардык мүчө мамлекеттердин айыл-чарба өндүрүүчүлөрү үчүн Бирликтин жалпы рыногунда  атаандаштык бирдей шарттарын түзүүгө, өзүн-өзү камсыздоонун жана экспортту өнүктүрүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында айыл чарба өндүрүшүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыздоого өбөлгө түзөт", - деп белгиледи Сергей Сидорский.

Өз кезегинде ЕЭК Министри Ара Нранян армян компанияларынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары менен кооперациясын камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, армян ишканалары бирликтик рынокко тезирээк кошулушуна Комиссия жардам берүүгө даяр экенине ишенээрин айтты.   ЕЭК Министри Сергей Сидорскийдин агроөнөр жай тармагындагы чоң иш тажрыйбасын белгилөө менен Ара Нранян, армениялык адистер ЕЭКтин профильдик департаменттери менен жигердүү өз ара иштешүүлөрдү жүргүзүшү зарыл экенин айтты.

Ошондой эле, 21-июлда ЕЭК Министри Сергей Сидорскийдин Арменияга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Армения Республикасынын Экономика министри Карен Чшмаритян менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди жакшыртуу маселелерин талкуулашты, анын ичинде, өнөр жай кызматташтыгы, Бирликтин тармактык кооперациялык жана импортту алмаштыруу боюнча долбоорлоруна армениялык өндүрүүчүлөрдүн катышуусун кеңейтүү, армениялык өнөр жай өнүмдөрүн жалпы рынокко чыгарууну күчөтүү жана башка мүчө мамлекеттердеги мамлекеттик сатып алууларга Армения ишканаларынын катышуусунун улуттук режимин камсыздоо боюнча маселелер талкууланды.

"Бирлик алкагында мүчө мамлекеттер жүргүзүп жаткан координацияланган өнөр жай саясатына Армениянын кошулушу армениялык өнөр жай комплекси үчүн өнүгүүнүн жаңы перспективаларын ачып, жалпы рынок үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат деп ишенебиз", - деп белгиледи Сергей Сидорский Армения Республикасына сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып. 

Маалымат:

ЕАЭБда Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай боюнча өз ара иштешүүсүнүн өзөктүү документи катары,  евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын алкагында биринчи жолу иштелип чыгарылган. 

Документ ЕЭКтин өнөр жай блогу тарабынан Тараптар менен бирдикте даярдалган.  Армениядагы Форумда анын ачык талкуусу аяктады, буга чейин талкуулар Беларусияда (Беларусиялык өнөр жай форумунун алкагында, Минск, 13-май 2015-жыл), Казакстанда (Астана экономикалык форумунун алкагында, 27-май 2015-жыл) жана Россияда (ИННОПРОМ-2015 эл аралык өнөр жай көрсөтмөсүнүн алкагында, Екатеринбург, 8-июль 2015-жыл) өткөрүлгөн.​