Sign In
ЕАЭБдин жалпы газ рыногунда газ ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү маселеси ЖЕЭКтин деңгээлинде чечилмекчи

ЕАЭБдин жалпы газ рыногунда газ ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү маселеси ЖЕЭКтин деңгээлинде чечилмекчи

23.04.20

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 23-апрелде видеоконференция форматында өткөрүлгөн кезексиз отурумунда Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун макулдашылбаган акыркы маселелери каралды. Өкмөттөр аралык кеңеш үч маселе боюнча 20 жана 22-апрелде ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан формулировакаларды кабыл алды. ЕАЭБдин жалпы газ рыногунда газ ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү боюнча калган маселе Бирликтин мамлекет башчыларынын деңгээлинде чечилмекчи.


"Абдан талаш, татаал үч маселе боюнча тараптардын позициялары макулдашылып, консенсус табылды. Биринчиси – бул эл аралык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруу. Экинчиси – экономикалык өнүгүүгө максаттуу көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин иштеп чыгуу. Маселелердин үчүнчү тобу – саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө. Бирликтин жалпы газ рыногунда газ ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү маселеси боюнча бир нече кароо жүргүзүлдү. Тилекке каршы, макулдашылган чечим жана формулировкалар иштелип чыккан жок"
, – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович.


Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү бул маселе боюнча позицияларын билдиришти, андан кийин аны Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кароосуна чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бирликтин мамлекет башчылары 19-майда өткөрүлүүчү кезектеги отурумда Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын бекитишет деп пландаштырылууда.


ЕӨАКтын кийинки отурумун июль айында Минск шаарында өткөрүү пландаштырылган.