Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү Бирликтини жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүү маселелери боюнча келишпестиктерди жоюуда олуттуу жетишкендиктерди камсыз кылышты

ЕАЭБ өлкөлөрү Бирликтини жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүү маселелери боюнча келишпестиктерди жоюуда олуттуу жетишкендиктерди камсыз кылышты

23.04.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги астында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүү жөнүндө маселе талкууланды. Өлкөлөр алардын ортосундагы акыркы келишпестик боюнча консенсуска жетишишти. «Жалпы элекроэнергия рыногун түзүү керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына ачык бааларды орнотууга мүмкүндүк берет жана Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт», – деди Тигран Саркисян. Жолугушууга ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев, Россия Федерациясынын энергетика министри Александр Новак, Беларусь Республикасынын энергетика министри Виктор Каранкевич, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери катышышты. Жетишилген келишкендиктер Бирликтин жалпы электрэнергетикалык рыногунун иштөөсүн ишке ашырууга ЕАЭБ жөнүндө келишим менен белгиленген мөөнөттөрдө жакындоого мүмкүндүк берет. Кеңешменин жыйынтыктары боюнча тараптар концептуалдык чечим кабыл алышты жана эл аралык келишимдеги улуттук электрэнергия рынокторунда ишмердиктин атаандаштык жана табигый-монополиялык түрлөрүн бөлүүгө тиешелүү акыркы келишпестикти жөнгө салышты. Бул фундаменталдуу маселе боюнча принциптүү келишпестикти жоюлушу ЕАЭБдин жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүү үчүн «жашыл жарык» берет. Документти ушул жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн кол коюусуна көрсөтүү пландаштырылууда.