Sign In
Парфюмердик-косметикалык продукцияга карата стандарттардын тизмектери актуалдаштырылды

Парфюмердик-косметикалык продукцияга карата стандарттардын тизмектери актуалдаштырылды

22.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 22-декабрда "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмектерин жаңылады.

Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышы камсыз кылынган Стандарттардын тизмегине жаңыдан кабыл алынган үч мамлекеттер аралык стандарт киргизилди.

Изилдөө ыкмаларына карата стандарттардын тизмеги жаңыдан кабыл алынган үч мамлекеттер аралык стандарт, ошондой эле тизмекте буга чейин камтылган стандарттардын ордуна кабыл алынган төрт мамлекеттер аралык стандарт менен толукталды.

Стандарттардын тизмектери эксперттердин жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте ЕЭК тарабынан иштелип чыкты.

Стандарттардын жаңыланган тизмектери Комиссиянын жаңы акты катары жол-жоболоштурулду, ал эми тизмектердин эски редакциясы күчүн жоготкон деп таанылды.​