Sign In
Арман Шаккалиев: "Коомдук кабылдама "ачык эшик" принциби боюнча иштеши зарыл"

Арман Шаккалиев: "Коомдук кабылдама "ачык эшик" принциби боюнча иштеши зарыл"

22.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык боюнча блогунун коомдук кабылдамасы Евразия экономикалык бирлигинин чек ара аралык рынокторундагы ак ниет атаандаштыктын эрежелерин сактоого багытталган регулятордук демилгелерди талкуулоо үчүн ачык аянтчага айланууда.

21-декабрда "жаңы" кабылдама өзүнүн аянтчасында ЕАЭБ мамлекеттеринин юридикалык коомдоштугунун, бизнесинин, соода-өнөр жай палаталарынын, тармактык жөнгө салуучуларынын жана атаандаштык ведомстволорунун өкүлдөрүн чогултту.

Видеоформатта өткөрүлгөн иш-чараны ачып жатып, ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев Бирликте атаандаштыкты жөнгө салууну өнүктүрүүнүн перспективаларын белгиледи, алар Бирликтин керектөөчүлөрүнө, бизнесине, атаандаштык ведомстволору менен ишке, ошондой эле ЕЭКтин глобалдык күн тартибинде активдүү катышуусуна басым жасамакчы.

Коомдук кабылдаманын катышуучулары санариптик рыноктордо монополияга каршы жөнгө салууну өнүктүрүү, монополияга каршы комплаенсти киргизүү, ЕАЭБ мамлекеттеринде роумингге адилеттүү бааны белгилөө, соода тармактары үчүн ак ниет иш-тажрыйбаларды иштеп чыгуу боюнча иедяларын айтышты.

Эксперттер Комиссиянын Бирликтин укугуна монополияга каршы комплаенсти киргизүү жана санариптик рыноктордогу атаандаштык (монополияга каршы) жөнгө салуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча демилгелерин колдоого алышты.

Бизнестен жана трансляциянын башка угуучуларынан келип түшкөн суроолорго Комиссиянын YouTube каналындагы комментарийлер тасмасында жооптор берилип жатты. ЕЭКтин атаандаштык блогунун жетекчиси жаңы форматтагы коомдук кабылдама "ачык эшик" принциби боюнча иштеши зарыл деп белгиледи. Арман Шаккалиевдин айтуусу боюнча, ал үчүн Комиссиянын сайтында атаандаштык боюнча блоктун баракчасында отурумдардын видеожазуулары, суроо-жооптор, талкуулардын мазмуну жана иштелип чыгып жаткан документтер сакталуучу өзүнчө бөлүм түзүлмөкчү.​