Sign In
Андрей Слепнев: "ЕАЭБ Индияда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жана демилгелердин алкагында аталган өлкөгө жаңы товарларды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн алышы мүмкүн"

Андрей Слепнев: "ЕАЭБ Индияда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жана демилгелердин алкагында аталган өлкөгө жаңы товарларды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн алышы мүмкүн"

IMG_4006.jpg
22.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын соода блогу Индия менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларына арналган конференцияны өткөрүп, анын жүрүшүндө бизнеске эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда ачылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтылды.

"Биздин баалоолор боюнча, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн сезилердик таасир кеңири товардык алкакты камтыган соода макулдашуусун түзүүдө пайда болот, – деди ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв. – Индиянын рыногуна жеткирилип жаткан приоритеттүү продукция менен катар жаңы экспорттун товарлардын да – экологогиялык жактан таза транспорт каражаттарын, темир жол техникасын чогултуу жана "эстүү" шаарлар долбоорлорун ишке ашыруу үчүн компоненттерди, вирустардан коргонуу каражаттарын илгерилетмекчибиз".

 Министр жалпы суммасы 100 млрд АКШ долларынан ашкан, Индияда өнөр жайды өнүктүрүү жана экология жана жаңы технологияларды өнүктүрүү жаатындагы демилгелерди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалардын олуттуу көлөмүнө басым жасады. Транспорт, энергетика, металлургия, химия өнөр жайы тармагындагы, таштандыларды кайра иштетүү чөйрөсүндөгү долбоорлор катышуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан сырткары, учак куруу жана кеме куруу продукциясын жеткирүүлөр чоң мааниге ээ болмокчу.

ЕЭКтин соода боюнча министри бизнестин көңүлүн Индиянын рыногунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, анда иш-жүзүндө болуусуз продукцияны аяккы керектөөчүгө жеткирүү татаал жана ар дайым эле аткарыла берилүүчү милдет эмес экендигине бурду.

Ал канааттандырылган учурда өнөктөштүн жеңилдиктери макулдашылышы мүмкүн болгон, индиялык тараптын сурамы жөнүндө айтып жатып, Андрей Слепнёв негизги кызыгуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна фармацевтикалык продукцияны, электрондук түзмөктөрдү, ошондой эле бут кийим жана кийимдерди жеткирүү менен байланыштуу болушу ыктымал деп белгиледи.

Мамлекеттик бийлик органдарынын жана бизнестин өкүлдөрү Индиянын рыногунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүштү, ошондой эле Индиянын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу иш-тажрыйбасы тууралуу айтып беришти. Иш-чаранын аягында Индияга жаңы экспорттоочулар үчүн жетүү боюнча чектөөлөр жана көмүскө тоскоолдуктар талкууланды. Продукциянын жеткирүүчүлөрүнө жардам көрсөтүшү керек болгон ЕАЭБдин чет өлкөдөгү инфраструктурасынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылды.

"Индиянын рыногу жөнөкөй эмес. Бирок анда тутумдук долбоордук негизде иш алып баргандар натыйжага жетишишет. Албетте, рынокто болуу зарыл, карым-катнаш түзүп, байланыштарды сактоо зарыл. Талкуунун жүрүшүндө биз долбоорлордун конкреттүү тизмегин өнүктүрүү, бизнес-байланыштарды демилгелөө менен катар соода сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана сооданын тутумдук шарттарын түзүү тактикасы – эң туура экендигине дагы бир жолу ынандык. ЕЭК ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен биргеликте долбоорлордун мындай тизмегин түзүү боюнча ишти активдештирүүдө, алар эркин соода аймактарын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр менен катар илгерилетилет. Ал эми конкреттүү тармактарга болгон кызыгууга, алымдарды төмөндөтүүгө, башка тутумдук шарттарды түзүүгө тиешелүү пикирлерге келсек – мунун баары эске алынды жана андан аркы иштин жүрүшүндө сөзсүз түрдө колдонулмакчы", – деп ЕЭКтин соода боюнча министри корутундулады.

Конференциянын жүрүшүндө Индия менен кызматташтык боюнча Ишкердик кеңештин башкармасынын төрагасы, Москва өкмөтүнүн министри Сергей Черёмин, Кыргыз Республикасынын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Асеин Исаев, Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин вице-президенти Сергей Красильников, ЕАЭБдин Фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы, ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Станислав Наумов, Россиянын Май Бирлигинин аткаруучу директору Михаил Мальцев, Россиянын Дан Бирлигинин Департаментинин Директору Максим Головин, Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигинин департаментинин директорунун орун басары Ярослав Тарасюк, "TECHNONICOL-ASIA", "TECHNONICOL India Private Limited" компанияларынын аткаруучу директору Антон Беляков, "СИБУР" компаниясынын департаментинин директору Алексей Шахов, "РУСАЛ" компаниясынын департаментинин директору Дмитрий Гончаров, Белорус соода-өнөр жай палатасынын, Ишкер Россиянын, Россия Федерациясынын Индиядагы Соода өкүлчүлүгүнүн, "ФосАгро", "Бириккен кеме куруу корпорациясынын", "Инвестицияларды тартуу жана импортту колдоо боюнча Ыраакы Чыгыш агенттигинин", "Система" АККнын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Талкуунун модератору Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Каржы университетинин инновациялык менеджмент кафедрасынын башчысы Евгений Грива болду.

Маалымат

Индия менен преференциалдык макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы № 14 "Индия Республикасы менен эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө" чечимине ылайык жүргүзүлүүдө.

https://is.gd/92qivz92qivz​