Sign In
ЕАЭБде Бирликтин транспорттук-экономикалык балансын даярдоо боюнча консультациялар башталды

ЕАЭБде Бирликтин транспорттук-экономикалык балансын даярдоо боюнча консультациялар башталды

22.11.19

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволорунун жетекчилери Бирликтин транспорттук-экономикалык балансын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун колдошту. Бул тууралуу алар ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин 20-ноябрда "Транспорт жумалыгы – 2019" жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык форумунун жүрүшүндө болуп өткөн үчүнчү отурумунда билдиришти.

Министрлер транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча "жол карталарынын" иш-чараларынын аткарылышын, ошондой Эле Жетекчилер кеңешинин мурдагы отурумунун чечимдеринин аткарылгандыгын карап чыгышты.

Алсак, жылдын аягына чейин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жарандык авиация жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө, аэропорттордун кызмат көрсөтүүлөрүндө бирдей тарифтик шарттарды камсыз кылууга карата макулдашылган мамилелерди аныктоого, ошондой эле транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатууга багытталган сунуштамаларын кабыл алуу пландаштырылууда.

Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин ЕАЭБдин транспорттук-экономикалык балансын иштеп чыгуу жана киргизүү жөнүндө демилгеси чоң кызыгууну жаратты. Аталган долбоорду ишке ашыруу транспорттук комплекстердин ташуулардын болжолдонгон көлөмдөрүн канааттандыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн баалоого жана мүчө мамлекеттердин транспорттук тутумдарын өнүктүрүүнү пландоого мүмкүндүк берет.

Транспорттук ведомстволордун жетекчилери жалпысынан ЕАЭБдин транспорттук-экономикалык балансын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун колдошту жана бул маселеге техникалык тапшырма даярдалгандан кийин кайтып келүү жөнүндө келишишти.