Sign In
Тигран Саркисян: "Беш жылдын ичинде биз ЕЭКте ишеним атмосферасын түзө алдык"

Тигран Саркисян: "Беш жылдын ичинде биз ЕЭКте ишеним атмосферасын түзө алдык"

22.11.19
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 21-ноябрда Россия Тышкы иштер министрлигинин Жогорку дипломатия курстарынын угуучулары үчүн лекциясынын жүрүшүндө айтып берди.  Тигран Саркисян Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ишине, Бирликтеги чечимдерди кабыл алуу тутумуна жана ЕЭКтин ишине токтолуп өттү. Атап айтканда, ал мамлекеттердин өлчөмүнөн жана башка факторлордон көз карандысыз, Бирликте чечимдер консенсустун негизинде кабыл алынат деп баса белгиледи.

"ЕАЭБ – демократиялуу уюштурулган бирикме. Бардык чечимдер консенсустун негизинде, Коллегиянын гана эмес, департаменттердин деңгээлиндеги да тең өкүлчүлүк принициптеринде кабыл алынат. Комиссияда баары болуп 25 департамент бар, ар бир өлкөдөн беш жетекчиден. Бул ишеним атмосферасын түзүү үчүн кылынган, жана беш жылдын ичинде биз буга жетише алдык", – деп белгиледи Тигран Саркисян.  Ал ЕАЭБге мүчөлүгүнүн аркасында ар бир өлкө жеңет, анткени ал бүткүл Бирлик үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ деп кошумчалады.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы эл аралык кызматташтыкка чоң көңүл бөлдү. Бирликтин мамлекеттеринин президенттери Комиссия алар менен эркин соода аймагын (ЭСА) түзүү боюнча ишти алып барып жаткан приоритеттүү өлкөлөрдү аныкташкан: Индия, Египет, Иран, Сингапур, Израиль жана Сербия. Сингапур жана Сербия менен макулдашууларга кол коюлду, Иран менен ЭСА түзүүгө алып барган Убактылуу макулдашуу иштөөдө. Тигран Саркисян Вьетнам менен түзүлгөн эң биринчи ЭСА жөнүндө макулдашуунун натыйжасы товар жүгүртүүнүн 60%га өсүшү болду деп баса белгиледи. Мындан сырткары, Кытай менен Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. ЕЭК АСЕАН, МЕРКОСУР жана Африка бирлиги сыяктуу бирикмелер менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарды түздү. 

Европа бирлиги (ЕБ) менен мамилелер жөнүндө аудиториянын суроосуна жооп берип жатып, Тигран Саркисян эки бирикменин ортосунда техникалык диалог бар экендигин белгиледи. "Биз стандарттарды, регламенттерди шайкеш келтирүү үчүн өз ара аракеттенүүбүз зарыл, бул биздин бизнес үчүн керек. Биз эң мыкты дүйнөлүк иш-тажрыйбаларды киргизүүдөбүз, жана азыртан эле кээ бир багыттар боюнча Европа бирлиги биздин иштеп чыгууларды негиз катары алуу керектигин түшүнүүдө",  – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Ошондой эле, Тигран Саркисян Бирликтин алкагында интеграцияны тереңдетүү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү перспективалары жөнүндө суроолорго жооп берди. "Биз Евразия континентин бириктирип турабыз, биз Азия менен Европанын ортосундагы көпүрөбүз, жана бул нерсе биздин бирикмеге мамилени бир кыйла прагматикалык кылууда",  – деп Тигран Саркисян корутундулады.