Sign In
Андрей Слепнев ЕБ менен тармактык жана соода-экономикалык күн тартиби боюнча диалогду күчөтүүгө чакырды

Андрей Слепнев ЕБ менен тармактык жана соода-экономикалык күн тартиби боюнча диалогду күчөтүүгө чакырды

22.10.20
Евразия экономикалык комиссиясы менен Европа комиссиясынын ортосунда техникалык жана бажылык жөнгө салуу, инфраструктуралык байланыш маселелерин, "жашыл" күн тартибин - айрыкча Европа бирлигинде көмүртекти жөнгө салуу контекстиндеги маселелерди, санариптик чечимдерди предметтүү талкуулоо үчүн эксперттер деңгээлиндеги диалогду күчөтүүгө ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министри) Андрей Слепнев чакырды.

ЕЭК өкүлү 22-октябрда Россия-Германия тышкы соода палатасы тарабынан уюштурулган "Евразия экономикалык бирлиги: мааниси, жетишкендиктери, өнүгүү перспективалары" конференциясында чыгып сүйлөгөн. Иш-чарага ЕАЭБде иш алып барган компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле калыбына келүүчү энергия, "жашыл" инвестициялар, каржы жана логистика жаатындагы эксперттер катышты.

Андрей Слепнев европалык жана германдык бизнес менен тыгыз жана узак мөөнөттүү кызматташууга жогору баа берди. Ошону менен бирге ал тынчсыздандыруучу тенденцияны белгиледи: Бирликтин ЕБ менен соодасы учурдагы каатчылыктан эң көп жабыркады: төмөндөө 2020-жылдын январь-июль айларында 27,6% түзгөн. Салыштырсак, ЕАЭБдин алкагында өз ара соода 13,8%га (жеткирүүлөрдүн  физикалык көлөмү дээрлик туруктуу болгон), КЭР менен - ​​6,3%га кыскарган.

"Туруксуздук жана чыр-чатак менен мүнөздөлгөн ушул оор мезгилде, ЕАЭБ тек гана экономикалык уюм катары, эки ири интеграциялык бирикмелердин ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого салым кошууга даяр экендигин дагы бир жолу тастыктады", - деди ЕЭКтин соода боюнча министри.

Андрей Слепнев ЕЭК демилгелерине герман бизнеси тарабынан салттуу түрдө колдоо көрсөтүлөрүнө ишенимин билдирди.

"Биз үчүн эң маанилүү маселе - бул ЕАЭБ алкагында да, үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө да ачык саясатты колдоо жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Көптөгөн өлкөлөр жабылып, эл аралык өндүрүштүк тизмектер менен байланышкан тобокелдиктерди азайтууга аракет кылып жаткан учурдагы кырдаалда, ачыктык биз үчүн принципиалдуу тандоо болуп саналат. Жана бул тандоо бизге өсүүгө ишенүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп билдирди Андрей Слепнев.​