Sign In
ЕАЭБдин газ, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү концепцияларынын долбоорлору ЕЭК алдындагы Консультативдик комитетте каралды

ЕАЭБдин газ, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү концепцияларынын долбоорлору ЕЭК алдындагы Консультативдик комитетте каралды

22.10.15

21-октябрда Москва шаарында Евразия экономика комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегиянын Мүчөсү (Министр) Таир Мансуровдун төрагалыгы астында газ жана мунай боюнча Консультативдик комитеттин кезектеги отуруму болуп өттү, мында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Газ, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү концепцияларынын долбоорлору каралган.

Отурумга Биримдикке мүчө мамлекеттерин тиешелүү тармактарынын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилеринин орун басарлары, Консультативдик комитеттин мүчөлөрү, ЕАЭБдин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кызматкерлери катышты.

Консультативдик комитет Газдын жалпы рыногун түзүү концепциясы жана Мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү концепцияларынын долбоорлорун негизинен жактырды. ЕАЭБ жөнүндө Келишимге ылайык, документтерди Евразиялык жогорку экономикалык кеңешине сунуштоо 2015-жылдын декабрь айына пландалууда. Ноябрда алар ЕЭК Коллегиясынан кароосуна берилүүгө тийиш.

Концепциялардын долбоорлору Экономикалык стратегиялар институту менен Энергетика жана финансы институту (РФ) тарабынан жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыккан. Документтерде Биримдиктин газ, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүүнүн негизги максаттары, милдеттери жана принциптери, ошондой эле алардын иштешин камсыз кылган механизмдер аныкталган.

Отурумда сүйлөп жатып Таир Мансуров төмөнкүлөрдү белгиледи: “Газ, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү энергетикалык коопсуздук деңгээлин жогорулатууну жана Биримдиктин отун-энергетикалык комплексинин ишенимдүү иштешин, бул тармакта энергоресурстар менен өз ара соода жүргүзүүнүн жана инвестицияларды тартуунун өсүшүн, ошондой эле энергоресурстарды өндүрүүгө кеткен чыгымдардын кыскарышын жана аларды туура теңдеп керектөө үчүн шарттарды түзүүнү камсыздайт”.

Отурумда ошондой эле ЕЭК Энергетика департаментинин 2016-жылы Биримдиктин газ, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүүнүн программаларын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон газ жана мунай чөйрөсүндө илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү сунушу жактырылды.

Консультативдик комитеттин газ жана мунай боюнча кийинки отуруму 2016-жылдын апрель-май айларында Москвада өтөт.