Sign In
ЕЭКте регионалдык интеграциялык бирикмелердин макроэкономикалык саясатын координациялоонун заманбап тенденциялары талкууланды

ЕЭКте регионалдык интеграциялык бирикмелердин макроэкономикалык саясатын координациялоонун заманбап тенденциялары талкууланды

21.10.15

20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясында “Регионалдык интеграциялык бирикмелердин макроэкономикалык саясатын координациялоонун заманбап тенденциялары: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар” семинарынын алкагында, ЕЭКтин интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегиянын Мүчөсү(Министр) Татьяна Валоваянын төрагалыгы астында семинар болуп өттү, мында дүйнөлүк экономиканын өнүгүү темптери жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн экономикалары каралган.

Семинардын уюштуруучуларынан болуп ЕЭК, БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы(ЮНКТАД) жана Мамлекеттер аралык банк болгон.

Иш-чараны ачып жатып, Татьяна Валовая мындай жолугушууларды өткөрүү салтка айланып бара жаткандыгын белгиледи, себеби семинар ушуну менен үчүнчү жылы катар өткөрүлүп жатат. “Иш-чарага келген эксперттердин санына карап,макроэкономикага жана макроэкономика саясатына байланыштуу темада ЕЭК тарабынан уюштурулган талкууларга кесипкөй коомчулуктардын кызыгуусу артып жаткандыгын билүүгө болот, - деп ЕЭК Министри белгиледи. Евразия экономикалык комиссиясы эл аралык уюмдар менен өз ара иш алып баруу боюнча активдүү позицияны ээлейт. Бүгүнкү иш кара далил болгондой, биздин ортобузда конструктивдик жана, менин көз карашымда, БУУнун системасындагы эл аралык уюмдар менен жетишээрлик үзүрлүү диалог орноп калгандыгы кубандырат”.

Семинардын жүрүшүндө ЮНКТАД өкүлдөрү дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүндөгү көйгөйлөр жөнүндө, ошондой эле түзүлгөн эл аралык финансы архитектурасын реформалоо үчүн уюм сунуштап жаткан чаралар тууралуу айтып беришти.

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Россия Федерациясындагы Туруктуу Өкүлү потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү белгилөө менен Россия экономикасынын өнүгүү тенденцияларын анализин, жана ошондой эле макроэкономикалык жөнгө салуу тармагындагы учурда орун алып жаткан чакырыктарды айтып берди.

Азия жана Тынч океан боюнча БУУнунЭкономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) соода жана инвестициялар түзүмдүк бөлүмүнүн эксперти, уюмдун Бангкоктогу (Тайланд) штаб-квартирасынан түздөн-түз туташуу аркылуу Азия-Тынч океан регионундагы 2015 Соода жана инвестициялар жөнүндө баяндаманын (Asia-Pacific Trade and Investment Report 2015) негизги корутундулары жөнүндө айтып берди.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар ЕАЭБ алкагында иштеп чыгуу баскычында турган макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү боюнча Комиссиянын сунушун талкуулашты. Ошондой эле ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаментинин талдап-иликтөө ишинде колдонула турган бир катар сунуштамалар түзүлгөн. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча ЕЭК МинистриТатьяна Валовая менен ЮНКТАДдын Глобалдашуу жана өнүктүрүү стратегиясы түзүмдүк бөлүмүнүн ага экономисти Игорь Паунович менен биргелешкен пресс-конференция болуп өттү.