Sign In
ЕЭК өнөр жай жана агроөнөржай комплекси боюнча министр Сергей Сидорский ЕАЭБ менен Жибек Жолу экономикалык тилкеси (ЖЖЭТ) ортосунда кызматташууну өнүктүрүү багытын сунуштады

ЕЭК өнөр жай жана агроөнөржай комплекси боюнча министр Сергей Сидорский ЕАЭБ менен Жибек Жолу экономикалык тилкеси (ЖЖЭТ) ортосунда кызматташууну өнүктүрүү багытын сунуштады

21.10.15

20-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөржай комплекси боюнча Коллегиянын Мүчөсү(Министр) Сергей Сидорский, ЕАЭБ менен Кытай долбоору “Жибек жолуэкономикалык тилкесин” кошуу алкагында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Өнөр жай министрлери менен болгон жолугушууга катышты. Иш-чара БРИКС өлкөлөрүнүн Өнөр жай министрлеринин саммитинин алкагында болуп өттү. Мындай жолугушуу ушундай форматта биринчи жолу болуп өттү жана Биримдикке кирген өлкөлөрдүн башчылары тарабынан 2015-жылдын 8-майында кабыл алган КЭР менен ЕАЭБ ортосунда кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө тиешелүү чечимдерди ишке ашырууда чоң мааниге ээ.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК Министри Кытай Эл Республикасы менен кызматташуунун, анын ичинде өнөр жай тармагында кызматташуунун приоритеттүү багыттары жөнүндө маалымат берди. Ал учурда ЕАЭБ менен КЭР ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу Макулдашуусунун текстин даярдоо боюнча иштер Комиссия тарабынан, Биримдикке кирген өлкөлөр менен биргеликте план боюнча жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Биримдик менен КЭРдин келечекте кызматташуусу көз карашынан алып караганда, тармактык иштер боюнча приоритеттүү долбоорлорду аныктоо жана ЕАЭБ менен Жибек жолуэкономика тилкесин айкалыштыруунун алкагында өз ара аракетенишүү сферасы негизги багыттардан болмокчу”, – деп Сергей Сидорский белгиледи. Анын айтымына караганда, ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташуусунда өндүрүштүк жана илимий-техникалык чөйрөнү кошуу менен өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кооперация механизмдерин жакшыртуу; модернизацияга инвестицияларды тартуу жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнөр жай комплекстеринин инновациялык жактан өнүгүүсү; өнөр жай продукцияларынын өз ара товар жүгүртүүсүн жогорулатуу сыяктуу багыттар жаңы жанданууну алышат;

Сөзүнүн аягында Сергей Сидорский ЕАЭБ менен Кытай мамлекетинин кызматташуусу биздин өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүүсүнө жана өнөр жайынын өсүшүнө өбөлгө түзгөн интеграциялык процесстерди өнүктүрүүдө маанилүү натыйжаларга жетишет деген ишеничин билдирди.