Sign In
ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Сергей Сидорский ЕАЭБ менен БРИКСтин ортосундагы экономикалык алака боюнча өз ара иш алып барууларын өнүктүрүү маселелери тууралуу айтып өттү.

ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Сергей Сидорский ЕАЭБ менен БРИКСтин ортосундагы экономикалык алака боюнча өз ара иш алып барууларын өнүктүрүү маселелери тууралуу айтып өттү.

21.10.15

20-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агроөнөржай комплекси боюнча Коллегиясынын мүчөсү Сергей Сидорский БРИКСтин Өнөр жай министрлеринин жолугушуусунун жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин БРИКС бирикмеси менен, айрыкча экономикалык алака жагындагы кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүнүн маанилүү экендигин баса белгиледи.

Иш-чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча өкүлдөрү (ЮНИДО) да катышышты.

Министр өз сөзүнүн жүрүшүндө ЕАЭБ жана БРИКС өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү ыргактуу өгүгүп жаткандыгын белгилеп өттү. Ал 2014-жыл ичинде 130 млрд АКШ долларын түздү. Учурда Биримдикте чет өлкөлөр жана бирикмелер менен преференциалдуу соода жана экономикалык келишимдер системасын жигердүү калыптандыруу ишке ашууда.

Атап айтканда, буга чейин Вьетнам менен эркин соодалашуу аймагы тууралуу келишим түзүлгөн. 2014-жылы Евразия экономикалык комиссиясы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда өнөр жайды өнүктүрүү боюнча (ЮНИДО) Кызматташуу тууралуу мемарандумга кол коюлган. Ушул жылдын акырына чейин Тараптар Кызматташтык тууралуу толук форматтагы келишимди түзүү аркылуу өз ара аракеттенишүүсүнкеңейте тургандыгы күтүлүүдө.

ЕАЭБдин БРИКС мамлекеттери менен диалогду андан ары өнүктүрүүсүбоюнча Сергей Сидорский төмөнкүлөрдү билдирди: «… ЕАЭБнын алкагында өнөр жай саясатын түзүү тажрыйбасы жана бир катар маанилүү стратегиялык документтерди иштеп чыгуу эки блоктун өнөр жайлык кызматташуусунун негизин түзүшү мүмкүн. НЕгизги багыттарда (Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин 2015-жылдын 8-сентябрындагы №9 чечими) биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенишүүнүнмаксаттары, милдеттери, механизмдер жана инструменттери системалуу түрдө калыптандырдык».

Анын сөзү боюнча ЕАЭБдин БРИКС өлкөлөрү менен өнөр жайлык кызматташуусун активдештирүү 2015-жылы түзүлгөн БРИКСТИ өнүктүрүү боюнча Жаңы банктын, ошондой эле Европа Өнүктүрүү банкы менен өз ара иш алып барууда Инфраструктуралык инвестициялардын Азиялык банкынын эгидасы алдына биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду демилгелеши мүмкүн.

Ал эми ЕАЭБ менен БРИКСтин агроөнөржай комплекси чөйрөсүндө өз ара иш аракетенишүүсүн өнүктүрүү боюнча ЕЭК Министри төмөнкүлөрдү белгиледи: БРИКС өлкөлөрүнүн потенциалын эске алганда (дүйнөлүк калктын 40% көбүрөөгү, 3 млрд. адам чамалуу) Биримдиктин макулдашылган агроөнөржай саясатын жүргүзүү боюнча тажрыйбасы колдонулушу мүмкүн. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Агроөнөржай тармагында биргелешкен иши кесипкөйлүктү тереңдетүүгө, рынок демилгесин өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө, товарлардын ташылуусундагы тоскоолдуктарды жоюуга багытталган.

«Евразия экономикалык биримдиги натыйжалуу, туруктуу жана атаандаштыктуу өз ара иш жүргүзүүнү калыптандыруу максатында БРИКС боюнча өнөктөштөр менен өнөр жай кооперациясын, инновациялык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ачык», - деп Сергей Сидорский өз сөзүндө иш-чаранын катышуучуларына маалымдады.