Sign In
ЕЭК Евразия экономикалык бирлигиндеги криптовалюталар жана блокчейн проблематикасы боюнча докладын жарыялады

ЕЭК Евразия экономикалык бирлигиндеги криптовалюталар жана блокчейн проблематикасы боюнча докладын жарыялады

22.07.19
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) криптовалюталарды жана блокчейн технологиясын өнүктүрүү проблематикасы боюнча «Криптовалюталар жана блокчейн жаңы экономиканын атрибуттары катары. Жөнгө салуучу мамилелерди иштеп чыгуу: эл аралык тажрыйба, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин иш-тажрыйбасы, Евразия экономикалык бирлигинде колдонуунун перспективалары» деп аталган мындай түрдөгү алгачкы докладын даярдады.
Доклад 2017–2019-жылдар аралыгында Комиссия тарабынан өткөрүлгөн эксперттик жолугушуулардын алкагындагы талкуулардын негизинде иштелип чыккан, жана мүчө мамлекттердин мамлекеттик органдарынын, ишкердик жана академиялык коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн пикирлерин камтыйт. Бирликтин төрт өлкөсүндө, анын ичинде Армения, Беларусь, Казакстан жана Россияда сегиз тегерек стол жана семинарлар өткөрүлгөн. (Комиссиянын иш чаралары тууралуу толугураак маалыматты сайттан табууга болот).

Криптовалюталар тармагын жана блокчейн технологиясын жөнгө салуу боюнча мүчө мамлекеттердин позициялары ар башка болгондугуна байланыштуу, ЕЭК учурдагы баскычта Евразия мейкиндигинде бул көрүнүштү жөнгө салууга карата мамилелерди шайкеш келтирүүнү сунуштады. Бул экономиканын жаңы тармактарында Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда тоскоолдуксуз чөйрөнүн калыптанышын камсыз кылууга жана ЕАЭБде юрисдикциялардын ыктымалдуу атаандаштыгын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Комиссия эксперттер менен биргеликте докладдын алкагында мындай шайкеш келтирүү үчүн негиз болушу мүмкүн болгон бирдиктүү глоссарийди жана криптовалюталарды жана блокчейнди жөнгө салуунун негизги принциптерин даярдады. Аталган терминология жана принциптер кызыкдар катышуучулар менен биргеликте аягына чейин иштелип чыгат.

ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаменти криптовалюталардын жана блокчейн технологиясынын Евразия мейкиндигинде өнүгүү тенденцияларын 2017-жылдын декабрь айынан бери байкап келет. ЕАЭБдин Экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Комиссия заманбап технологияларды өнүктүрүү проблемактикасын Бирликтин өлкөлөрү бет келип жаткан глобалдык чакырыктардын бири катары бөлүп белгиледи.