Sign In
ЕЭК Министри Сергей Сидорский: “Агроөнөр жай комплексинде интеграциялык өз ара иштешүүнү тереңдетүү алдыңкы тажрыйбаларга жана улуттук өнүктүрүү программаларынын эң мыкты практикаларына негизделиши керек”

ЕЭК Министри Сергей Сидорский: “Агроөнөр жай комплексинде интеграциялык өз ара иштешүүнү тереңдетүү алдыңкы тажрыйбаларга жана улуттук өнүктүрүү программаларынын эң мыкты практикаларына негизделиши керек”

22.04.16

22-апрелде Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский менен Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Михаил Русыйдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министринин биринчи орун басары Леонид Маринич катышты.

Тараптар Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексиндеги учурдагы жагдайды жана макулдашылган агроөнөр жай саясатын жүзөгө ашыруунун перспективдүү багыттарын талкуулашты.

Экономиканын агрардык секторун өнүктүрүүнүн жалпы тенденциясын белгилөө менен ЕЭК Министри интеграциялык өз ара иштешүүнү тереңдетүү, кооперацияны өнүктүрүү, АӨК продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, сурам жана сунуштун божомолдоолорун түзүү, импортту алмаштыруу боюнча реалдуу программаларга чыгуу максатында тармактык маселелерди биргелешип иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

“Тараптардын агроөнөр жай чөйрөсүндөгү биргелешкен ишмердүүлүгү улуттук программаларды жана пландарды эске алуу менен, өнүктүрүүнүн жалпы биримдиктик тармактык стратегияларын иштеп чыгуу маселелери боюнча өлкөлөрдүн өз ара иштешүүсүнө негизделиши керек.  Бул иштин алкагында өндүрүштү, өз ара жеткирип берүүлөрдү оптимизациялоо, адистештирүүнү тереңдетүү боюнча сунуштар иштелип чыгарылат”, - деп баса белгиледи Сергей Сидорский.

Жолугушуунун маанилүү темасы айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун эсебин чыгарууда бирдиктүү ык-амалдарды эл аралык тажрыйбанын негизинде иштеп чыгууга байланыштуу Тараптардын позицияларын жакындатуу маселеси болду. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө айыл чарба товарларынын өндүрүшүн колдоо жөнүндө маалыматты бир түрдүү берүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу макулдашылды, бул маселе кийин мүчө мамлекеттер тарабынан талкууланат. “Бул адилеттүү атаандаштыкты камсыздоого өбөлгө түзөт, агрардык субсидиялоо механизмдерин жакындатуу боюнча иштерди жүргүзүүгө жана Биримдик өлкөлөрүндө топтолгон тажрыйбаны колдонууга мүмкүндүк берет”, - деди Сергей Сидорский.