Sign In
21-февралда Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

21-февралда Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

22.02.20

21-февралда Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Иш-чарада интеграциялык өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды. Бир катар чечимдер кабыл алынды.

ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарлардын транзиттик ташууларын көзөмөлдөө тутумунун негизинде товарлардын бажылык транзитинин бирдиктүү тутумун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилди

Бирликтин товарларына жана үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата КНСти алууда бирдей шарттардын түзүлүшү жактырылды

"Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу тапшырылды

Сүрөт түшүрүү үчүн фольгага карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюму 2022-жылдын 31-августуна чейин сакталды

Евразия экономикалык форуму (ЕЭФ) жөнүндө жобо бекитилди​