Sign In
Евразия өкмөттөр аралык кеңеши бетме-бет форматта өткөрүлмөкчү

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши бетме-бет форматта өткөрүлмөкчү

геолокация.jpg
22.01.21

5-февралда Алмата шаарында (Казакстан Республикасы) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму, ошондой эле "Almaty Digital Forum 2021" форуму бетме-бет форматта өткөрүлмөкчү.


"Санариптик кайра жүктөлүү: жаңы реалдуулукка секирик" деп аталган санариптик форумдун пленардык сессиясында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышышмакчы.

 

Ошондой эле, форумдун ишинде ЕЭК өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда. ​