Sign In
Михаил Мясникович Владимир Макейди Беларусь Республикасынын Дипломатия кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Михаил Мясникович Владимир Макейди Беларусь Республикасынын Дипломатия кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

для сайта.png
22.01.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макейди Дипломатия кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

"Сиздин жетекчилигиңиз астында белорус дипломаттары республиканын кызыкчылыктарын эл аралык ареналарда ийгиликтүү коргоп, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө олуттуу салым кошуп, евразиялык интеграция идеясын илгерилетүүдө активдүү катышып келишет", – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Михаил Мясникович Владимир Макейге  жана Тышкы иштер министрлигинин жалпы жамаатына жаңы кесиптик ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.​