Sign In
Россиянын Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушууда ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ алкагындагы 2020-жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыктары чыгарылды

Россиянын Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушууда ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ алкагындагы 2020-жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыктары чыгарылды

22.01.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 21-январда Москвада Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу өлкөлөрүнүн элчилери менен жолугушуусунда катышты.

Ошондой эле, иш-чарага Аткаруучу комитеттин төрагасы – КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышышты.

Маектин жүрүшүндө ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ алкагындагы 2020-жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыктары чыгарылды жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча андан аркы кадамдар аныкталды. Мурунку совет мейкиндигиндеги көп баскычтуу интеграциялык процесстерди байланыштыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча да пикир алмашышты.​