Sign In
ЕЭК мамлекеттик сатып алуулар максатында ЕАЭБдин алкагында товарды чыгарган өлкөнү тастыктоо боюнча актыларды иштеп чыгууну баштоодо

ЕЭК мамлекеттик сатып алуулар максатында ЕАЭБдин алкагында товарды чыгарган өлкөнү тастыктоо боюнча актыларды иштеп чыгууну баштоодо

21.07.20
Евразия өкмөттөр аралык кеңеши мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрү үчүн зарыл болгон тескемени кабыл алды.

Тескеме Беларустун жана Казакстандын мамлекеттик органдарынын жана субъектилеринин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ушул жыдын 30-апрелиндеги № 616 токтомуна карата кайрылууларына байланыштуу кабыл алынды. Аталган токтомго ылайык ЕАЭБ мамлекетинин жеткирүүчүсү Россиянын сатып алууларында анын товары евразиялык өнөр жай продукциясынын реестрине киргизилген учурда гана катыша алат.

Өз кезегинде, ЕАЭБ өлкөрүнүн товарлары Россия Федерациясынын 2015-жылдын 17-июлундагы № 719 токтому менен белгиленген, өнөр жай продукциясына карата талаптарга шайкеш келген учурда гана аталган реестрге киргизилиши мүмкүн.

Буга байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай продукциясынын Россиянын мамлекеттик сатып алууларында катышуусун камсыз кылуу үчүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Тескемеси менен Россиянын Өкмөтүн "россиялык товар", "Россия Федерациясынын аймагында аткарылган технологиялык операция" түшүнүктөрүнүн жана "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинде чыгарылган товар", "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин аймагында аткарылган технологиялык операция" түшүнүктөрүнүн эквиваленттүүлүгүн таанууну эске алуу менен Бирликтин өлкөлөрүнүн Соода-өнөр жай палаталары тарабынан берилген экспертизалоо актыларынын негизинде аталган евразиялык реестрге мүчө мамлекеттердин продукциясынын киргизилишин камсыз кылууну сурануу каралган. Мындай механизмди 2020-жылдын 31-декабрында чейин колдонуу сунушталган.

Ошол эле мезгилде Комиссияга ушул жылдын аягына чейин Евразиялык өнөр жай продукциясынын реестрин алып баруу эрежелерин жана мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максатында Евразия экономикалык бирлигинин аймагында товардын чыгарылган өлкөсүн тастыктоо тартибин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тапшырылды.

Комиссия тийиштүү жол-жоболорду улуттук өкмөттөрдүн да, бизнестин да кеңири сандагы кызыкдар жактарынын катышуусунда регламенттөө мүмкүнчүлүгүн караштырат.​