Sign In
ЕАЭБде интеллектуалдык менчикти коргоонун натыйжалуу аспаптары түзүлүүдө

ЕАЭБде интеллектуалдык менчикти коргоонун натыйжалуу аспаптары түзүлүүдө

20191107214334.jpg
21.12.20

ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков "Антиконтрафакт-2020" VIII Эл аралык форумунда Евразия экономикалык комиссиясынын Евразия экономикалык бирлигинин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү укугун түзүү жаатындагы ишинин натыйжалары тууралуу айтып берди.

Форумдун уюштуруучулары Евразия экономикалык комиссиясы, Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Илим жана технологиялар боюнча мамлекеттик комитети, Улуттук интеллектуалдык менчик борбору жана "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы болду.

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков форумдун пленардык сессиясында чыгып сүйлөп жатып, Евразия экономикалык бирлигинин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү укугун түзүүдөгү бул жылдын эң маанилүү окуясы ЕАЭБдеги товардык белгилер жөнүндө келишимге кол коюлушу болду деп баса белгиледи. Учурда келишимге карата нускаманын үстүнөн иш аягына чыгууда, ал Бирликтин товардык белгилерин каттоого өтүнмө берүү эрежелерин, ошондой эле аларды кароо тартибин жана каттоо ыкмаларын белгилейт.

"ЕАЭБдин аймагында "бренддердин" корголушун жана товарлардын эркин кыймылын камсыз кылуу үчүн мүчө мамлекеттердин кайсы болбосун патенттик ведомствосуна бир эле өтүнмөнү берүү аркылуу жаңы регионалдык каттоо тутумунун алкагында катталган Бирликтин товардык белгисин бирдиктүү бажы реестрине киргизүү эң оңой жана натыйжалуу болот",– деди Тимур Жаксылыков.

ЕЭК министри Бирликтин укугу менен каралган аспаптарды комплекстүү колдонуу товарларды Бирликтин чек арасы аркылуу алып өтүүдө укук ээлеринин интеллектуалдык менчик объектилерине карата укуктарынын бажы органдары тарабынан корголушунун жогорку деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана нысапсыз атаандаштык учурларын натыйжалуу аныктоого жана токтотууга кепилдик берет деп ишенет.

Баяндамада пандемия мезгилинде мааниси олуттуу түрдө өскөн Интернет-соодага өзгөчө көңүл бөлүндү. "Электрондук сооданын көлөмдөрүнүн мындай олуттуу өсүшү менен керектөө рыногунда контрафакттык товарлардын да үлүшү көбөйөт, – деп Комиссиянын экономика блогунун министри констатациялады. – Электрондук сооданы жөнгө салуунун эң маанилүү маселелеринин бири товарларды сатып алуу жана сатуунун алкагында да, аларды алып келүүнүн алкагында интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды камсыз кылуу маселеси болуп саналат".

Комиссиянын Коллегиясы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык желесинде интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо боюнча ишмердикти жүргүзүүдөгү негизги мамилелер жөнүндө" сунуштамасын кабыл алды деп Тимур Жаксылыков корутундулады. Сунуштаманын кабыл алынышы Интернет тармагында интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды бузуулар менен күрөшүүнүн евразиялык механизмин түзүүнүн биринчи баскычы болуп калды.

Маалымат

"Антиконтрафакт" Эл аралык форуму бийликтин, бизнестин, илимдин өкүлдөрүнүн, укук ээлеринин, өндүрүүчүлөрдүн, авторлордун жана коомчулуктун конструктивдүү диалогу үчүн эң ири эл аралык аянтча болуп саналат. Анда контрафакттык продукцияны таратуу менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун түзүү боюнча сунуштар талкууланат жана иштелип чыгат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 3 тескемесине ылайык, форум жыл сайын ротациялык негизде ошол жылы ЕӨАКта төрагалык кылган өлкөдө өткөрүлөт.

2021-жылы "Антиконтрафакт-2021" IX Эл аралык форуму Казакстан Республикасында өткөрүлмөкчү.​