Sign In
ЕЭК жана ЕАӨБ өнөр жай жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттарын аныкташты

ЕЭК жана ЕАӨБ өнөр жай жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттарын аныкташты

21.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян жана Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармасынын Төрагасы Николай Подгузов ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин жана ЕАӨБдүн ортосундагы өнөр жай жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты. Атап айтканда, алар импортту алмаштыруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду, евразиялык мамлекеттер аралык программаларды каржылоону жана Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай ишканаларын колдоо чараларынын колдонулушун талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары Комиссия жана ЕАӨБ өз иш-аракеттерин ЕАЭБдеги индустриалдаштыруу картасынын жана агроиндустрияны өнүктүрүү картасынын кооперациялык долбоорлоруна топтошмокчу деп чечишти. Индустриалдаштыруу картасы – бул жалпы суммасы 195 млрд АКШ долларын түзгөн, өнөр жай тармагындагы 177 ири инвестициялык долбоорлор, ал эми АӨК боюнча карта – суммасы дээрлик 10 млрд АКШ долларын түзгөн 100дөн ашуун ири инвестициялык жана инновациялык долбоорлор.

Артак Камалян ЕАӨБдү Комиссия тарабынан түзүлүп жаткан мамлекеттер аралык программалардын негизиндеги инновациялык долбоорлорду каржылоодо катышууга чакырып өттү. Атап айтканда, жолугушууда Жерди алыстан байкоо жаатындагы алгачкы пилоттук мамлекеттер аралык программа жана энергетика объектилеринин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттер аралык программанын долбоору талкууланды.

"Өнөр жай интеграциясын өнүктүрүү жана чакан жана орто ишканалардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн биз өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын жаңы аспаптарын жана механизмдерин түзүүнүн жана аракетке киргизүүнүн үстүнөн туруктуу негизде иш алып баруудабыз, – деп белгиледи ЕЭК министри Артак Камалян. – Мамлекеттер аралык программаларды биргелешип каржылоо жана ишке ашыруу биздин өлкөлөрдүн өнөр жай комплекстериндеги инновациялык ишмердикти демилгелөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем".

ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте Евразия өнүктүрүү банкын мүчө мамлекеттердин өнөр жай чөйрөсүндөгү жана агроөнөр жай комплексиндеги долбоорлорду ишке ашырууда колдоо чараларын караштырган мамлекеттик программаларына кошуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

"Бүгүнкү күндө биз перспективага карата кызматташтыктын негизги багыттарын аныктадык – бул каржылоо үчүн кооперациялык долбоорлордун пулунун үстүнөн иштөө, анын ичинде азык-түлүк чөйрөсүндөгү дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү, авиакурулуштагы кооперация, бизнес-демилгелерди колдоо үчүн жеңилдик механизмдерин иштеп чыгуу, интеграциялык долбоорлорду каржылоо үчүн критерийлердин жеткиликтүүлүгү",– деп ЕЭК министри корутундулады.​