Sign In
Арман Шаккалиев: "Мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдары ЕАЭБде атаандаштыкты коргошууда"

Арман Шаккалиев: "Мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдары ЕАЭБде атаандаштыкты коргошууда"

21.12.20

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматы жана "Сколково" фонду тарабынан уюштурулган "Монополияга каршы саясат: илим, иш-тажрыйба, билим берүү" деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияда чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыкты коргоо жаатындагы приоритеттерди белгилеп өттү.

"Биринчи кезекте, биз биздин атаандаштыкты коргоо боюнча иш-аракеттерибиздин сезилердик оң социалдык таасирге ээ болушун каалайбыз. Бүгүнкү күндө, пандемия мезгилинде, атаандаштыкты коргоо дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын адилеттүү баалар боюнча жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ЕАЭБдин аймагында роумингге адилеттүү тарифтерди киргизүүгө, Интернет тармагында керектөөчүлөрдүн жана санариптик алптардын теңдеш мамилелерин коргоого багытталган болууга тийиш", – деди Арман Шаккалиев.

Катышуучу өлкөлөрдүн монополияга каршы жөнгө салуучуларынын, бизнестин өкүлдөрүнүн, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсүнүн мисалдарынын бири ушул жылы кабыл алынган Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелери болду. Аталган документ Евразия комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилген жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жеткирүүчүлөрү үчүн мамлекеттик сатып алууларга жетүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылууга арналган.

ЕЭКтин атаандаштыкты өнүктүрүүнүн дүйнөлүк процесстеринде катышуусу тууралуу айтып жатып, ЕЭКтин атаандаштык блогунун жетекчиси глобалдык күн тартибин түзүүдө катышууну, ошондой эле алдыңкы дүйнөлүк иш-тажрыйбалардын киргизилишин белгилеп өттү.

"Бүгүнкү күндө биз санариптик экономика жана интеллектуалдык менчик жаатындагы эң мыкты атаандаштык иш-тажрыйбалары боюнча колдонмолорду Бирликтин укугуна киргизүүнүн үстүнөн активдүү иштөөдөбүз", – деди Арман Шаккалиев.

Конференциянын пленардык отуруму Россиядагы монополияга каршы жөнгө салуунун 30 жылдыгына арналды. Арман Шаккалиев россиялык кесиптештерин бул маанилүү мааракеси менен куттуктады жана үзүрлүү өнүгүү жана атаандаштыкты коргоо боюнча маселелерди натыйжалуу чечүүнү жана Россияда жагымдуу ишкердик климаттын түзүлүшүн каалап өттү.

Конференциянын спикерлеринин арасында дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнүн монополияга каршы жөнгө салуучуларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, атаандаштык укугу жаатындагы эксперттер болду.​