Sign In
Тигран Саркисян: "Санариптик платформаларды башкаргандар бардык транспорттук транзиттик агымдарды башкарат"

Тигран Саркисян: "Санариптик платформаларды башкаргандар бардык транспорттук транзиттик агымдарды башкарат"

21.11.19
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) атаандаштык артыкчылыгы – анын аймагы. Бирок, эгер Бирликтин транспорттук экотутуму туура уюштурулбаса, биз транзит аймагы катары транспорттук потенциалыбызды толук кандуу ишке ашыра албайбыз. Ушундай максат менен Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) санариптик транспорт коридорлорунун экотутумунун концецпиясын иштеп чыкты, ал кийинки жылдын 30-январында өкмөт башчыларынын кароосуна көрсөтүлмөкчү. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 20-ноябрда Москвада "Транспорт жумалыгы" форумунун алкагында  өткөрүлгөн "Транспорт – евразиялык интеграциянын негизи" деп аталган пленардык сессияда билдирди.

Тигран Саркисян айтып бергендей, бул концепция Бирликтин беш өлкөсүнүн аймагында дээрлик 100 сервистик кызматтарды көрсөтүүнү камтыйт, алар өз ара байланышкан, өз ара иштешүүчү болууга, жана бирдиктүү ченемдик талаада иштөөгө тийиш.

"Бул концепция биздин бардык санариптик чечимдердин биздин жалпы евразиялык стандарттардын негизинде түзүлүшүн караштырат. Үчүнчү өлкөлөрдү да Евразия экономикалык бирлигинин транспорт коридорлорунун экотутумун түзүүнүн жалпы санариптик концепциясын ишке ашыруу боюнча ЕАЭБ менен кызматташтыкка чакырабыз",  – деп Тигран Саркисян корутундулады.

ЕЭК Коллегиясынын башчысынын айтуусу боюнча, Евразия экономикалык бирлиги глобалдык чакырыктарга жооп бериши зарыл. Бүгүнкү күндө дүйнөдө мамлекеттердин ишмердигин уюштуруунун эң натыйжалуу формасы болуп саналган регионалдык экономикалык бирикмелер түзүлүүдө. Алар жалпы канондорду, инфраструктураларды түзүшүүдө, жалпы чечимдерди сунуш кылышууда. ЕАЭБ атаандаштык чөйрөдө турат. "Дүйнөдө транспорттук-логистикалык операциялар тармагындагы атаандаштык чоң, жана маселе ким бул транспорттук агымдарды өзүнүн аймагына багыттай алгандыгында", – деди Тигран Саркисян.

Евразия экономикалык бирлиги аркылуу өтүп жаткан товарларды сатып өткөрүүнүн аяккы наркында транспорттук чыгымдардын үлүшү дээрлик 30% түзүшү ЕАЭБ үчүн дагы бир глобалдык чакырык болуп саналат. Европа бирлигинде бул көрсөткүч 11%га барабар, ал эми АКШда – 9%. "Бул биз, биринчиден, аталган агымдарды тездетүүнү камсыз кылууга, жана, экинчиден, тездетүүнүн аркасында, ташып өткөрүлүүчү товарлардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берген, чечимдерди биргелешип кабыл алышыбыз керек экендигин түшүндүрөт, бул өздүк наркты азайтууга мүмкүндүк берет", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгиледи.

ЕАЭБ жооп табышы керек болгон дагы бир глобалдык чакырык – бул санариптик платформалардын эмгекти эл аралык бөлүштүрүүнүн логикасын өзгөрткөндүгү. Логистика тармагына транспорттук компаниялардын кардары болбой калган, транспорттук-логистикалык сегментти түзүү менен өздөрү транспорттук компанияларга айланган соода аянтчалары кирет. Алар мега-базаларынын аркасында оптималдуу чечимдерди кабыл алышат жана товарларды тез жеткирүү боюнча кызматтарды сунуш кылышат жана мындай кылуу менен глобалдык транспорттук ташууларды башкарышат.

Алсак, электрондук коммерцияда адистешкен улуттар аралык технологиялык компаниялар өздөрүнүн санариптик логистикалык платформаларын түзүп алышкан жана товар агымдарын башкарышууда. "Бул товарларды ташууну физикалык жактан гана камсыз кылуу жетишсиз экендигин түшүндүрөт. Силер сонун көпүрөлөрдү, жолдорду курушуңар мүмкүн, бирок силердин жолдор жана көпүрөлөр аркылуу товарлар жетиштүү көлөмдөрдө өткөрүлбөйт, анткени санариптик транспорттук чечимдер кардарлар тарабынан талап кылынган башка кызматтарды көрсөтүшөт. Мындан сырткары, бул санариптик платформаларды башкаргандар бул агымды да бүтүндөй башкарат" – деп Тигран Саркисян корутундулады.

Ошондой эле, сессиянын катышуучулары эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрүнүн координациясын жакшыртуу үчүн аспаптар, евразиялык интеграциянын тереңдешинин натыйжасында бизнес үчүн артыкчылыктар, тарифтик саясатты оптималдаштыруу, электрондук документ жүгүртүүнү колдонууну кеңейтүү жана транзиттик ташуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Максим Акимов транспортту өнүктүрүүдөгү экотутумдарды өнүктүрүү трендин белгиледи.

"Физикалык кубаттуулуктардын мааниси кескин жоголууда, жана экотутумдардын өлчөмүнүн мааниси барган сайын өсүүдө – аккаунттардын саны жагынан алганда жана санариптик транзакциялар – топтоого, иштетүүгө, алардан пайда алууга мүмкүн болгон маалыматтар жагынан алганда да", – деди ал.

Анын пикири боюнча, жеке экотутумду ишке ашыруу зарыл. "Биз же ишеним менен жана акырындык менен башка санариптик экотутумдардын бир бөлүгү болобуз, же бул ишти биздин Евразия бирикмебиздин аянтчасында жүргүзүү менен, биздин өнөктөштөр менен тыгыз интеграцияланган, бирок логикалуу, заманбап, технологиялуу, өз алдынча экотутум болууга талаптанган жеке экотутумду ишке ашырабыз", – деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле, ал Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте санариптик транспорт коридорлорунун архитектурасын аныктоо боюнча колдонмо мүнөздөгү чоң иш аткарылгандыгы жөнүндө айтып берди. Максим Акимов  бул долбоорду иш жүзүндө ишке ашырууну тездетүүгө чакырды.

Чек ара аралык ишеним мейкиндиги жөнүндө сөз кылып жатып, РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары кийинки жыл мындай сервистерди түзүү мүмкүнчүлүгүн юридикалык жактан бекиткен, тийиштүү макулдашууларды ишке ашыруу жылы болмокчу деген пикирин билдирди. Анын айтуусу боюнча, Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте он жөнгө салуучу тоскоолдукту жоюу пландаштырылган.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Ольга Голодец туризмдин өнүгүшү транспорт тармагынан көз каранды экендигин белгиледи. "Чындыгында, транспорт жөнүндө жарандардын орун которуштуруусу үчүн кызмат кылуучу тармак катары сөз кылсак, анда бул тармак өзгөчө гуманитардык мааниге ээ болот. Жаңы транспорттук багыттарга, тейлөө тутумун өзгөртүүгө россиялыктардын да, биздин өлкөнүн конокторунун суроо-талабы чоң, жана транспорт тармагы туризм тармагы жактан коюлуп жаткан суроо-талаптарга абдан так жооп берип жаткандыгы жана алардын үстүнөн адбан тез иштеп жаткандыгы мен үчүн абдан кубанычтуу", – деди ал.

"Россия темир жолдору" ААКнын башкы директору – башкаруу төрагасыОлег Белозёров ЕАЭБдин транспорт мейкиндиги Евразия континентинин дээрлик 40% ээлешин, жана Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Европанын ортосундагы эң кыска жол ЕАЭБдин аймагы аркылуу өтүшүн эскертип өттү.

"ЕАЭБ абдан олуттуу преференцияларды көрсөтүүдө, бирок биздин ченемдик базабыз эскирди. Биз биздин эски мейкиндиктердин чектеринен чыкканда көйгөйлөр пайда болууда. Учурда биз аларды электрондук түрдө чечүүгө, ЕАЭБ мыйзамдарын өлкөлөрдүн ичинде, мейкиндиктин ичинде бир түргө келтирүүгө аракет кылуудабыз, бирок муну менен катар биз мейкиндиктер аралык юридикалык маселелерди да чечишибиз зарыл", – деди Олег Белозёров.

Олег Белозёров ачык платформалардын болушун, талкууну, биригүүнү, изилдөөнү жана өз ара аракеттенүүнүн кеңейтилишин колдоорун билдирди. "Биз кызматташтыкка даярбыз, эгер көп сандагы жүк жөнөтүүчүлөр биздин иште катышышса, биз ыраазы болор элек",– деп баса белгиледи ал.

Монголиянын жолдорду өнүктүрүү жана транспорт министри  Бямбасурэн Энх-Амгалан өз кезегинде аталган мамлекет үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтыктын үстүнөн жана Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик жүк агымдарын көбөйтүүнүн үстүнөн активдүү иштөөдө деп белгиледи.

"Азия жана Европа элдерин байланыштыруучу экономикалык коридордун эң кыска каттамы Монголиянын аймагы аркылуу өтөт, бул заманбап логитискалык-транспорттук тутумду, жалпы эле Евразия континентинин интеграцияланган транспорттук тутумун түзүү зарылчылыгын шарттайт", – деди ал.

Эл аралык деңиз уюмунун Генералдык качысы  Китак Лим учурдадеңиз ташуулары үчүн абдан жакшы доор болуп жаткандыгын, жаңы технологиялар, электрондук навигация, отундун таза түрлөрү, энергиянын жаңыланма булактары, сенсорлор, жасалма интеллект, жаңы материалдар, курулуш техникасы пайда болуп жаткандыгын баса белгиледи. "Биз деңиз ташууларынын жаңы доорун баштан кечирүүдөбүз, андыктан Эл аралык деңиз уюму, жаңы технологияларды иштеп чыгуу үчүн, санариптик технологияларга өзгөчө көңүл бөлүүдө. Деңиз соодасынын маанилүүлүгү өсүүдө, жана биздин жоопкерчилик – деңиз ташууларынын натыйжалуулугун камсыз кылуу, биз  кемелердин портко кирүү жана деңизге чыгуусундагы бардык жол-жоболорду мүмкүн болушунча натыйжалуу кылгыбыз келет. Учурда биз стандарттарды шайкеш келтирүүнүн үстүнөн иштөөдөбүз", –  деди Китак Лим.

Эл аралык транспорттук форумдун Генералдык катчысыКим Ён Тэ өзүнүн уюму жөнүндө айрыкча регионалдык интеграция контекстинде транспортту андан ары өнүктүрүү боюнча талкуулар жүргүзүлгөн, идеялар менен алмашуу үчүн маанилүү аянтча катары айтып берди. Ал өлкөлөрдү эң мыкты эл аралык иш-тажрыйбалар жөнүндө кабардар болуу үчүн форумга катышууга чакырып өттү. "Транспорт тармагы – бул адамдын ар кандай органдарына кычкылтекти жеткирүүгө мүмкүндүк берген тутум сыяктуу. Ошондуктан, биз товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылышыбыз зарыл. Бул бир кыйла татаал, бирок адамзаттын гүлдөшү үчүн керек", – деп баса белгиледи Ким Ён Тэ.

Сессиянын жыйынтыктарын чыгарып жатып, Россия Федерациясынын транспорт министри Евгений Дитрих транспорттогу санариптик технологияларды өнүктүрүү жана логистиканын сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү стимул болуп маалыматтарды чогултуу мүмкүнчүлүүгү саналат деп белгиледи. Алар бизге келечекте инфраструктураны кайсы жерде жана кантип куруу керек экендигин түшүнүүгө, кууш жерлерди кеңейтүүгө жардам берет.

"Бул тутумдардын биздин евразиялык өнөктөштөр менен биригиши жеткирүүлөрдүн глобалдык чынжырларын түзүүгө, биздин технологияларды илгерилетүүгө жардам берүүдө. Бул бизге ушунчалык керек болгон бирдиктүү мейкиндикти түзүүгө мүмкүндүк берүүдө", – деп РФтин транспорттук ведомствосунун башчысы жыйынтыктады.

Анын пикири боюнча, оптималдаштыруу максаттары үчүн жүктөрдү массалык эмес, жеке жеткирүүнү пландаштыруу керек, ал эми муну аталган логистика чынжырларынын жардамында тез камсыз кылууга болот.

"Бизге уникалдуу жаңы технологиялардын жардамында бири-бирибиз менен атаандашуунун кереги жок, биз биргеликте өнүгүшүбүз зарыл, жана дал ушул нерсе бизге зарыл болгон синергияны жана Евразия бирлигинин курамындагы ар бир өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашын берет. Бүгүнкү күндө транспорт интеграциялардын интеграциясы идеясына муктаждыкты өзгөчө сезүүдө. Албетте, бардык катышуучулардын өз ара пайдасынын негизинде бардык процесстерди координациялоо талап кылынат",– деп Евгений Дитрих баса белгиледи.

Маалымат

"Транспорт жумалыгы" – Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн тескемесине ылайык жыл сайын өткөрүлүүчү жана өзүнө транспорт проблематикасы боюнча бүткүл россиялык жана эл аралык иш-чаралардын сериясын камтыган ишкердик иш-чара. Аталган форумду Россия Федерациясынын Транспорт министрлиги "Бизнес Диалог" компаниясынын колдоосунда эң актуалдуу транспорт маселелерин ачык талкуулоо жана мамлекеттик бийликтин жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө үчүн он үч жылдан бери уюштуруп келет.