Sign In
ЕЭКте Стратегия-2025 долбоорун жүзөгө ашырууну пландаштыруу маселелери талкууланды

ЕЭКте Стратегия-2025 долбоорун жүзөгө ашырууну пландаштыруу маселелери талкууланды

21.10.20
2025-жылга чейин Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорунун макулдашылбаган пункттары, ошондой эле стратегиялык документти жүзөгө ашырууну пландаштыруу маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев жетектеген жумушчу топтун 21-октябрда өткөн кеңешмесинде каралды.

Сергей Глазьев белгилегендей, 9-октябрдагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында беш сунуш макулдашылбай калган. Алардын үчөө Кыргыз Республикасы тарабынан киргизилген. Маселелер мүчө мамлекеттердин экономикаларын структуралык өзгөртүү үчүн ЕАЭБ өнүктүрүү институтун түзүүгө, максаттуу өнүгүү программаларына, Евразия экономикалык бирлигинин аймактарынын экономикаларын өнүктүрүү үчүн максаттуу каржылоонун механизмдерин жана программаларын киргизүүгө байланыштуу.

Тараптардын өкүлдөрү долбоордун андан аркы иштерин талкуулашты жана документти 2020-жылдын аягына чейин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кароосуна мамлекет башчылары биротоло бекитүүсү үчүн берүүгө даяр экендигин билдиришти.​