Sign In
ЕЭК жана ЕСТЕЛО эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын такташты

ЕЭК жана ЕСТЕЛО эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын такташты

IMG-20191021-WA0005.jpg
21.10.19

Евразиялык транспорттук, экспедициялык жана логистикалык уюмдардын бирлиги (ЕСТЕЛО) бизнестин жана транспорттук уюмдардын кызыкчылыктарынын негизинде транспорт тармагындагы көйгөйлүү маселелерди жана тоскоолдуктарды аныктоо боюнча иште Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) транспорттук блогунун негизги өнөктөшү бойдон кала бермекчи. Мындай келишкендик ЕСТЭЛОнун Кеӊешинин Новороссийск шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүлгөн отурумунда түзүлдү. Аталган отурумда ЕЭК өкүлдөрү катышышты. 

ЕСТЭЛО транспорттун бардык түрлөрү (темир жол жана суу транспорту, аба каттамдары, автотранспорт) боюнча көйгөйлүү жагдайлар жөнүндө маалыматтарды чогултууга гана эмес, аларды жоюу үчүн үзүрлүү чараларды иштеп чыгууга да даяр, кийин аларды ЕЭК аянтчаларында талкуулоо пландаштырылууда. Ошентип, бул жалпы транспорт рыногун түзүү процессине терс таасирин тийгизген тутумдук көйгөйлөрдүн чечилишин тездетиши мүмкүн. Ошондой эле, тараптар 2019-жылдын 1-октябрында кол коюлган Кызматташтык жөнүндө меморандумга ылайык ЕЭК жана ЕСТЭЛОнун андан аркы өз ара аракеттенүүсү маселелерин талкуулашты. 

«Бул документ эки уюмдун өз ара аракеттенүүсүнүн укуктук негизин түзөт, жана биздин кызматташтыктын пландары Евразия бирлигинин мүчө мамлекеттеринин транспорттук саясатын, транзиттик потенциалын ишке ашыруу жана транспорттун жолундагы тоскоолдуктарды жоюу менен тыгыз байланыштуу болууга тийиш», – деп Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов ЕСТЭЛО Кеңешинин отурумунда билдирди. Эки уюмдун өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-чаралардын алгачкы планы бир жылга түзүлмөкчү. Ага тажрыйба алмашуу, транспорттук саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн биргелешкен консультацияларды, семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү, транспорт тематикасы боюнча документтердин долбоорлорун даярдоодо эл аралык тажрыйбаны жана эң мыкты иш-тажрыйбаларды колдонуу маселелерин киргизүү сунушталууда. 

Келечекте пландык иштин мөөнөтү транспорттук саясатты ишке ашыруу боюнча «жол картасынын» үч жылдык мезгили менен, башкача айтканда, 2021–2023 жана кийинки жылдарга шайкеш келтирилмекчи. Мурда макулдашылгандай эле, транспорт ишмердигине таасир тийгизген көйгөйлүү маселелерди жана тоскоолдуктарды аныктоо боюнча иш-чаралар пландын милдеттүү пункттары болмокчу. 

Мындан сырткары, ЕЭК делегациясы ЕСТЭЛОнун «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында, жүк ташууларды өнүктүрүү боюнча иш-тажрыйба, учурдагы көйгөйлөр жана өлкөлөр ишке ашырып жаткан чаралар» деп аталган тегерек столдун ишинде катышты, ал жерде Ержан Нурахметов катышуучуларды ЕЭКтин бул трек боюнча иши менен тааныштырып өттү. 

«Транзиттик потенциалды жана логистиканы өнүктүрүү Бирликтин укугунда транспорттук саясаттын приоритети жана милдети катары бекитилген. Ошондуктан, 2017-жылы өкмөт башчылары тарабынан бекитилген, транспорттук саясатты ишке ашыруу боюнча эки «жол картасынын» иш-чараларынын үчтөн биринен көбүрөөк бөлүгү транзиттик жана логистикалык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган.  Бул «Бир алкак – бир жол» демилгесине да тиешелүү.  Улуу Жибек жолунун ребрендинги биз үчүн «тигишсиз» ташууларды, транспорттун өз ара модалдуулугун, жеңилдетилген жол-жоболорду, өнүккөн инфраструктураны жана бир түргө келтирилген документтерди, интеграциялык мүнөздөгү транспорттук долбоорлорду ишке ашырууну түшүндүрөт», – деди Ержан Нурахметов. Ошондой эле, ал «Бир алкак – бир жол» демилгесин байланыштыруу боюнча иш ЕАЭБдин жана КЭРдин ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу менен чогуу жүргүзүлмөкчү деп баса белгиледи. 

Тегерек столдун тематикасын колдоп, ЕСТЭЛОнун жетекчилиги Новороссийсктин деңиз соода портунун ишмердиги менен таанышуу үчүн көчмө иш-чара уюштурушту. Аталган порттун терминалдык комплекстери эл аралык товардык рыноктор багытындагы, анын ичинде ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен чыккан товарлардын жүк агымдарын тейлешет. 

Маалымат 

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразиялык транспорттук, экспедициялык жана логистикалык уюмдардын бирлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга 2019-жылдын 1-октябрында ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев жана ЕСТЭЛОнун президенти Олег Хайтаров Ереванда өткөрүлгөн «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык форумунун алкагында кол коюшкан.​