Sign In
ЕЭК ЕАЭБде кара металлургия тармагын өнүктүрүү боюнча иш чаралардын тизмесин даярдады

ЕЭК ЕАЭБде кара металлургия тармагын өнүктүрүү боюнча иш чаралардын тизмесин даярдады

21.10.15

ЕЭК Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай кызматташтыгы үчүн келечектүү деп эсептелген 19 тармакты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууда. Алсак, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө кара металлургия (КМ) тармагынын абалын ар тараптуу талдоонун негизинде Комиссия ЕЭК Кеңешинин тармакты өнүктүрүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүнүн долбоорун даярдаган. Документ өнөр жай кооперациясын тереңдетүү жана КМ продукцияларын өндүрүү чөйрөсүндө өнөр жай кызматташтыгына дем берүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш чаралардын тизмесин камтыйт. Мындан сырткары, иш чаралар илимий-техникалык кызматташтыкты жана КМ чөйрөсүндө инновациялык продукциялардын өндүрүшүн, ошондой эле жогорку кайра бөлүштүрүү КМ продукцияларын экспорттоону өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Отурумдун катышуучулары 2020-жылы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө калкты каттоону өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча Комиссиянын иш чаралар планын иштеп чыгаруу жөнүндө ЕЭК Кеңешинин чечиминин долбоорун жактырышты. Алплан Тараптардын статистика чөйрөсүндөгү ыйгарымдуу органдарынын маалыматтык жана усулдук өз ара иштешүүсүн координациялоо максатында түзүлөт. Ошол эле учурда ЕЭК мүчө өлкөлөрдүн Өкмөттөрүнүн калкты каттоо боюнча ишин алмаштырбайт: конкреттүү даталарды жана программаларды аныктоо менен улуттук каттоо жөнүндө чечимдер улуттук Өкмөттөр тарабынан кабыл алынат. Өз кезегинде, калкты каттоо боюнча документтер мамлекеттик статистика жаатында ыйгарымдуу органдар тарабынан бекитилет, бул калкты каттоо боюнча улуттук мыйзамдарга толугу менен ылайык келет.

Отурумда мындан тышкары ЕЭК Коллегиясынын тескемеси кабыл алынып, ага ылайык ЕАЭБ жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу, Комиссиянын Коллегиясына караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин курамына өзгөртүү киргизилет. Эми КРден ыйгарым укуктуу адамдар Консультативдик комитеттин мүчөлөрү болушат. Ошондой эле, көрсөтүлгөн тескеме аркылуу Консультативдик комитетке Россия Федерациясынын атынан дайындалган мүчөлөрдүн курамы жаңыртылды.

Бул комитет - Комиссиянын интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө Евразия экономикалык биримдигинин аймагында интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды сактоого жана коргоого багытталган макулдашылган саясат жүргүзүү маселелери боюнча консультативдик органы. Комитет Комиссия үчүн бул чөйрөдө ыйгарымдуу органдардын өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды колдонуу маселелери боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдайт. Ошондой эле, КК ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн да консультацияларды өткөрүп, ыйгарымдуу органдардын өз ара иштешүүсү боюнча боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдайт.

Маалымат:

Комиссиянын Коллегиясына караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин курамы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ыйгарымдуу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт жана Коллегиянын тескемеси менен бекитилет. Комитеттин курамына бизнес-коомчулуктун, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, көзкарандысыз эксперттер кириши мүмкүн.