Sign In
ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору болуп Игорь Назарук дайындалды

ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору болуп Игорь Назарук дайындалды

Назарук Игорь Васильевич.jpg
21.09.20

Игорь Васильевич Назарук 1965-жылдын 8-декабрында төрөлгөн.

1992-жылы Белорус политехникалык институтун "Машина курууну автоматташтыруу жана комплекстүү механизациялаштыруу" адистиги боюнча бүтүргөн.

Беларустун бажы органдарында ар түрдүү кызматтарда 11 жыл эмгектенген. Беларустун ИИМ тутумунда 2005-жылдан бери иштеп келет. Беларустун Латвиядагы Элчилигинин кеңешчиси болуп турганда, анын соода-экономикалык кызматын жетектеген.

2011-2015-жылдар аралыгында Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы экономикалык ишмердик департаментин жетектеп турган.

2015-жылдын июнь айында Беларусь Республикасынын Армения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Ушул жылдын 21-сентябрынан тарта ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директорунун кызматына дайындалды.