Sign In
ЕАЭБдин бажы документтеринин түзүмдөрү жаңыланды

ЕАЭБдин бажы документтеринин түзүмдөрү жаңыланды

21.04.20

ЕЭК Коллегиясы 21-апрелдеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин негизги бажы документтеринин: товарларга карата декларациялардын, транзиттик декларациялардын, ошондой эле алардын ажырагыс бөлүктөрүнүн – товарларга карата декларацияларга жана бажы наркынын декларацияларына түзөтүүлөрдүн түзүмдөрүнүн жаңыланган версияларын бекитти. Аларды толтуруу үчүн колдонулган классификаторлор да өзгөртүлдү.


Буга байланыштуу Коллегиянын мүчөлөрү күн тартибинин бир нече маселелерин карап чыгышты. Комиссиянын Коллегиясынын 2018-жылдын 16-январындагы үч Чечимине жана Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы Чечимине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.


ЕЭКтин Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Бактыбек Байсеркеев белгилеп өткөндөй, кабыл алынган чечимдер ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук маалыматтык тутумдарынын аракетин Бирликтин укуктук актылары менен синхрондоштурууга мүмкүндүк бермекчи. Кеп товарларды убактылуу мезгилдүү декларациялоого, транспорттук (ташуучулук), коммерциялык жана башка документтерди товарларга карата декларациялар катары пайдаланууга, Сербиядан, Сингапурдан, Ирандан ж.б. алып келинүүчү товарларды декларациялоого байланыштуу маселелер тууралуу болууда.


Жаңыланган версиялар – кызыкдар жактарды бажы документтерин толтуруунун жаңы эрежелерин ишке ашырууга жардам берүүчү актуалдуу жана оптималдаштырылган түзүмдөр менен камсыз кылуу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын үзгүлтүксүз, комплекстүү ишинин натыйжасы. Бирликтин маалыматтар моделинин бөлүктөрүнүн жаңыланган версиялары, ошондой эле бажылык маалыматтарды автоматтык түрдө иштетүү үчүн зарыл болгон коддолгон маалыматтар колдонулат.​