Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян: “ЕЭКтин жана биздин интеграциялык бирикмелердин маанилүү максаттарынын бири – ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу”

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян: “ЕЭКтин жана биздин интеграциялык бирикмелердин маанилүү максаттарынын бири – ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу”

21.04.16

20-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында  ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Россиядагы Америкалык Соода Палатасынын (АСП) Президенти Алексис Родзянко менен жолугушуусу болуп өттү.  Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар ЕЭК менен АСПнын мындан аркы кызматташуу келечектерин талкуулашты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белгилеп өткөндөй, глобалдуу экономикалык каатчылык жана дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдө түптөлгөн  татаал шарттар мамлекетти улуттук экономикалардын өсүш арымдарынын басаңдоосун токтоткон жана өнүгүүгө түрткү берген чараларды табууга демилгелейт.  “Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү жана интеграцияны андан ары тереңдетүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун калыптандыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.  Евразия экономикалык интеграциясы мүчө мамлекеттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт жана экономиканын өсүшү үчүн негиз болуп саналат”,- деп билдирди Тигран Саркисян.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында 180 млн адамдан ашык калк жашаган рынок түзүлдү, ал дээрлик бирдиктүү транспаренттүү эрежелер боюнча жана ДСУнун ченемдеринин негизинде иш жүргүзөт. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын сөзү боюнча, бул аны инвесторлор, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылат жана  үчүнчү өлкөлөрдүн да кызыгуусун жаратат. 

Тигрян Саркисян ЕЭКтин максаты тууралуу айтып берди.  Алардын ичинде кыйла маанилүүсү болуп, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн экономикаларын кыйла натыйжалуу өнүктүрүү үчүн соода жана административдик тоскоолдуктарды төмөндөтүү саналат.   

Тигрян Саркисян белгилеп өткөндөй, Биримдик өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу – Комиссиянын артыкчылыктуу иш багыттарынын бири, анткени  ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес –коомчулугу  - евразия экономикалык интеграциясынын негизги бенефициары болуп саналат.  Бул үчүн зарыл өбөлгөлөр да бар.  ЕЭКте ишкердик коом менен иштөө үчүн институттар системасы түзүлгөн жана ийгиликтүү иш алып барууда.  Комиссия алдында 20 Консультативдик комитет, анын ичинде  ишкердик, соода, мунай жана газ, интеллектуалдык менчик, финансы рыноктору жагында маселелер боюнча да иштешет.  Консультативдик комитетке кызмат адамдары, эксперттер жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү киришет.  “Комиссия чечимдердин ачык-айкын кабыл алынышын камсыз кылат.  ЕЭК кабыл ала турган бардык жөнгө салуу актылары бизнес деңгээлинде талкууланат”, - деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Ушуга байланыштуу Тигрян Саркисян Евразия экономикалык комиссиясынын бизнес жана чет өлкөлүк бизнес асоциациялар, анын ичинде Россиядагы Америкалык Соода Палатасы менен диалогдун өнүгүүсүнө кызыкдар экендигин билдирди.  ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын сөзү боюнча,  Комиссия чет өлкөлүк өнөктөштөр жана ишкердик бирикмелер менен  ар кандай форматтарда жана маселелердин максималдуу кеңири спектри боюнча өз ара иштерди жүргүзүүгө даяр.   “Биз ченемдик укуктук актыларды даярдоо баскычында диалогго кызыкдарбыз.  Биз үчүн бизнес менен өз ара байланышты колдоо, даярдалып жаткан ченемдик актыларга эксперттик баа берүү, алардын бизнес-климатына кандайча таасир этишин түшүнүү өзгөчө мааниге ээ. Анткени, ЕЭКтин жана бүтүндөй биздин интеграциялык бирикменин башкы максаттарынын бири - ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнести өнүктүрүү үчүн жагдайды жакшыртуу болуп эсептелет, - деп белгиледи Тигран Саркисян.

Тигран Саркисян чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууну бардык Тараптардын кызыкчылыктарын эске алган, өз ара ишенимдүү жана пайдалуу катары мүнөздөдү.  Анын пикири боюнча, бизнес-күн тартиби тууралуу кеңири сүйлөшүүлөр инвестицияларды тартуу, жаңы бирдиктүү ишканаларды жана иш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле Россиядагы Америка Соода Палатасынын (АСП) Президенти Алексис Родзянко бизнес тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын ишине жана жалпы эле ЕАЭБ долбооруна олуттуу кызыгуу болуп жатканын билдирди. Алексис Родзянконун пикири боюнча, азыркы учурда лицензиялоо, анын ичинде медициналык  товарларды, ошондой эле ЕАЭБдин Бажы кодексинин долбоору актуалдуу темалардан болуп саналат. Рыноктордо ички суроо-талаптын өзгөрүү шарттарында бизнес үчүн экспорттук-импорттук операцияларда товарларды жылдырууга кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү менен, ар кандай бюрократиялык жол-жоболорду азайтуу өтө маанилүү.

Алексис Родзянко Америка Соода Палатасынын ЕЭК менен мындан ары да мамиле түзүүсүнө кызыкдар экенин билдирди  Тараптар ишкердик байланыштуу улантуу жөнүндө макулдашышты

Маалымат

Россиядагы Америка Соода Палатасы (АСП) - Россия Федерециясындагы эл аралык бизнес боюнча алдыңкы ассоциациялардын бири, 1994-жылы түзүлгөн. Палата бейөкөмөт коммерциялык эмес уюм болуп саналат, ал 600дөй компаниянын кызыкчылыгын көздөйт. АСПнын мүчөлөрүнүн ичинде Россияда иш жүргүзгөн  америкалык ири корпорациялар, ошондой эле эл аралык рынокто операцияларды жүргүзгөн европалык жана россиялык ири компаниялар бар. Алардын катарында - «Apple», «Microsoft», «Boeing», «Dell», «Caterpillar», «Google», «Nike», алдыңкы америкалык банктар, финансылык жана юридикалык компаниялар. АСП Россиядагы ишкердик аракеттерине жана инвестицияларга жана анын эл аралык коомчулук менен соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт. Палата Россида федералдык жана аймактык деңгээлде иштейт. АСП АКШдагы бизнес жана өкмөттүк түзүмдөр менен туруктуу байланышта болот.