Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан президенттерин Нооруз майрамы менен куттуктады

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан президенттерин Нооруз майрамы менен куттуктады

21.03.21
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди эл аралык Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Бул байыркы, керемет жаз майрамы Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан элдеринин маданиятынын бай, тарыхый мурасынын маанилүү, ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жаратылыштын жазгы жаңылануу күнү сиздердин өлкөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн жаңы ири масштабдагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга түрткү болуп берсин”, - деп айтылат куттуктоодо. 

Михаил Мясникович мамлекет башчыларына чың ден-соолук жана бакубатчылык, ал эми Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан элдерине - тынчтык, жыргалчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Маалымат 

Эл аралык Нооруз (Наурыз, Навруз) майрамы, персид тилинен "жаңы күн" деп которулат жана 21-мартта белгиленет. Бул иран жана түрк элдеринин астрономиялык күн календары боюнча жаздын келишинин майрамы. Нооруз улуттук салттуу майрам болуп саналат.  2009-жылы 30-сентябрда Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген, ошондон бери 21-март Эл аралык Нооруз майрамы деп жарыяланган.