Sign In
Вашингтондо ЕАЭБте бизнес жүргүзүүнүн шарттарын талкуулашты

Вашингтондо ЕАЭБте бизнес жүргүзүүнүн шарттарын талкуулашты

21.03.19
"Дүйнөдө протекционисттик тенденциялар күчөгөн шартта Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) ачык экономиканын жана адилеттүү эл аралык атаандаштыктын принциптерин сактанууну улантат. Биз чет мамлекеттер жана негизги аймактык экономикалык бирикмелер менен кызматташууга ниеттебиз", - деп билдирүү жасады Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы Федор Черницын "Евразия экономикалык бирлиги менен бизнес жүргүзөбүз" конференциясынын жүрүшүндө.

Иш-чара Вашингтондо 18-мартта болуп өтүп, Россия Федерациясынын АКШдагы Элчилигинин колдоосу менен "Евразия" борбору жана "Евразиялык бизнестин коалициясы" тарабынан уюштурулган. Талкуунун жүрүшүндөгү негизги маселелер: ЕАЭБте бизнести жүргүзүү, аны өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденциялары жана перспективалары, ошондой эле дүйнөнүн ар кандай аймактарындагы өнөктөштөр менен өз ара иштешүү болду.
ЕЭК өкүлү 2018-жылы Бирлик өлкөлөрүнүн жана АКШнын ортосундагы соода айланымы 2015-жыл менен салыштырмалуу дээрлик 20%га өсүп жана 28,3 млрд долларды түзүп, акыркы үч төрт жылдагы рекорддук деңгээлге жеткенине көңүл бурду. "Ошол эле учурда АКШ менен биздин кызматташтыгыбыз толугу менен жүзөгө ашырылбай келет, Бирликтин негизги экономикасына – россиялык экономикага карата санкциялар жана жасалма чектөөлөр терс фактор болуп эсептелет", - деп белгиледи ЕЭК министринин жардамчысы.

ЕАЭБтин чет мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрү менен өз ара иштешүүсүнүн механизмдери, ошондой эле Бирликтин алкагында негизги чөйрөлөрдө улуттуктун үстүндөгү жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча конкреттүү кадамдар боюнча маалымат менен ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин эл аралык өз ара иштешүү бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Ежов чыгып сүйлөдү. "ЕАЭБте биз бизнести өзүбүздүкү жана бөлөк деп бөлбөйбүз, Бирликтин бирдиктүү рыногунун артыкчылыктары жана ЕЭКтин жана мүчө мамлекеттердин интеграциялык күч-аракеттеринин натыйжаларын бирдей деңгээлде баары колдоно алышат", - деди ал.

Федор Черницын ЕАЭБтин жана АКШнын ортосунда расмий деңгээлде диалог жок болгон шарттарда бизнес жагындагы өз ара иштешүү диалогду колдоп турууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи, жана АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн 2019-жылы ЕАЭБтин аймагында өтө турган негизги экономикалык форумдарга – Астана экономикалык форумуна, Петербург эл аралык экономикалык форумуна, Чыгыш экономикалык форумуна, ошондой эле евразиялык тематика боюнча адистештирилген иш-чарага – ушул күздө Кыргызстанда өтө турган "Евразия жумалыгына" жигердүү катышууга чакырды.

Аудиторияны ЕАЭБтин Кытай, ЕБ жана КМШнын Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрү менен, анын ичинде Ири Евразиялык континенталдык өнөктөштүктүн контекстинде кызматташтыгы, ЕАЭБте энергоресурстардын бирдиктүү рыногун түзүүнүн перспективалары, кызмат көрсөтүүлөр рыногун либералдаштыруу жана Бирликте бирдиктүү валютаны киргизүү мүмкүнчүлүгү боюнча суроолор кызыктырды.