Sign In
ЕАЭБде товарларды транзиттөөдө навигациялык пломбаларды колдонууну сынашмакчы

ЕАЭБде товарларды транзиттөөдө навигациялык пломбаларды колдонууну сынашмакчы

IMG01282-2.jpg
21.02.20

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарлардын транзиттик ташууларын көзөмөлдөө тутумунун негизинде товарлардын бажылык транзитинин бирдиктүү тутумун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

Жол картасында 2021-жылдын экинчи жарымына чейин ишке ашырылышы керек болгон 11 иш-чара каралган.

Өлкөлөр жана ЕЭК ЕАЭБ транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуунун долбоорун аягына чыгара иштеп чыгышат. Атап айтканда, макулдашуу алар менен ташууда электрондук навигациялык пломбалар колдонулуучу транспорттун түрлөрүн, ошондой эле аларга карата көзөмөлдөө тутуму колдонулган учурларды жана товарлардын категорияларын аныктайт. Макулдашууга 2021-жылда кол коюу пландаштырылууда.

Жакынкы убакытта өлкөлөр товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну сыноо боюнча бир тараптуу же биргелешкен эксперименттерди жүргүзмөкчү. Эксперименттердин жыйынтыктары реалдуу шарттарда транзитти көзөмөлдөө тутуму боюнча ченемдик-укуктук базаны түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул үчүн өлкөлөр үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталынын аягына чейин көзөмөлдөө тутумунун улуттук операторлорун аныкташмакчы.​