Sign In
ЕЭК Кеңеши "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну тапшырды

ЕЭК Кеңеши "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну тапшырды

IMG01282-2.jpg
21.02.20

"Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине мал союу өнүмдөрүн жана эт продукциясын маркалоодо алардын азыктык баалуулугун көрсөтүү боюнча талаптарды киргизүү болжолдонууда. Бул өзгөртүүлөр үчүн жоопкерчиликтүү иштеп чыгуучу катары россиялык тарап аныкталды, ал эми мамлекеттик ички макулдашууларды аяктоо 2021-жылдын экинчи кварталына белгиленди.

Өзгөртүүлөрдүн экинчи бөлүгү техникалык регламенттин түшүнүк аппаратын тактоого тиешелүү болмокчу. Өзгөртүүлөрдүн бул бөлүгүн Казакстан иштеп чыгат. Бул бөлүктөгү мамлекеттик ички макулдашуу 2022-жылдын 2-кварталында аякташы болжолдонууда.

Аталган өзгөртүүлөр техникалык регламентти колдонуу иш-тажрыйбасын эске алуу менен демилгеленген жана ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү тарабынан колдоого алынды.​