Sign In
Сүрөт түшүрүү үчүн фольгага карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюму 2022-жылдын 31-августуна чейин сакталмакчы

Сүрөт түшүрүү үчүн фольгага карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюму 2022-жылдын 31-августуна чейин сакталмакчы

IMG01282-2.jpg
21.02.20

Аталган чараны узартуу боюнча чечим 2019-жылдын 1-сентябрынан тарта пайда болгон укук мамилелерине жайылтылат. Буга чейин бул чара 2016-жылдын 4-мартынан 2019-жылдын 31-августуна чейин колдонулуп келген. Аталган мезгилдин ичинде товардын импорту өскөн, ал эми фольганы колдонуу менен даярдалган басма продукциясынын импорту кыскарган. 

Учурда Евразия экономикалык бирлигинде сүрөт түшүрүү үчүн фольга өндүрүлбөйт. Бирликтин полиграфия ишканалары аны үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоп алып келишет.

Сүрөт түшүрүү үчүн фольга үстүңкү беттерге кооз (металлдашкан) рельефтүү сүрөт түшүрүү үчүн колдонулат. Фольга менен сүрөт түшүрүү сувенирдик продукцияны, этикеткаларды, мукабаларды, китептерди, ачык каттарды даярдоо үчүн жана документтерди, мисалы, бланктарды, дипломдорду, сертификаттарды коргоо үчүн колдонулат. Бул материал полиграфия өндүрүшүндөгү эң кымбат материалдардын бири болуп саналат жана басма продукциясынын өздүк наркынын 30% чейин ээлейт. 

Буга чейин аталган маселе боюнча чечимди ЕЭК Коллегиясы кабыл алган, ЕЭК Кеңешинин отурумунда чечимдин күчүнө кирүүсүнө мүмкүндүк берүүчү керектүү түзөтүүлөр кабыл алынган.​