Sign In
Евразия экономикалык форуму 19-майда Минскте өткөрүлмөкчү

Евразия экономикалык форуму 19-майда Минскте өткөрүлмөкчү

21.02.20

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык форуму (ЕЭФ) жөнүндө жобону бекитти.

Форум ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн чакан, орто жана ири бизнесине багытталган. Анын максаты – Бирликтин мамлекеттеринин инвестициялык жана инновациялык потенциалын бириктирүү, Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнесинин ортосунда кооперациялык байланыштарды түзүү, ошондой эле ЕАЭБдин экспорттук потенциалын ишке ашыруунун жолдорун табуу.

"Форумду жыл сайын ЖЕЭК, ЕӨАК жана ЕЭК Кеңешинде төрагалык кылган мүчө мамлекетте өткөрүү сунушталууда. Мамлекет башчылары форумда катыша алышы үчүн, аны Жогорку Евразия экономикалык кеңешин өткөрүү менен учурлаштыруу сунуш кылынууда", – деп ЕЭК Коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович баса белгиледи.

ЕЭФте үчүнчү өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле алардын өкмөттөрүнүн жетекчилери жана мүчөлөрү, эл аралык илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу болжолдонууда.

Буга чейин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен "Евразия жумалыгы" эл аралык көргөзмө форуму Евразия экономикалык форумуна өзгөртүлгөн.​