Sign In
Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык багыттарынын үстүнөн иш аяктоодо

Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык багыттарынын үстүнөн иш аяктоодо

IMG01282-2.jpg
21.02.20
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун дагы бир нече позицияларын макулдашышты. Талкуу 21-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

Атап айтканда, атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралардын колдонулушу жаатындагы, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар жаатындагы формулировкалар, ошондой эле ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү механизмдерин түзүү боюнча концептуалдык мамилелер макулдашылды.

Стратегияда негизделген чараларды жана механизмдерди талкуулоодон сырткары ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү документтин тексттик бөлүгү боюнча бириктирилген мамилелерди иштеп чыгышты.

Комиссия документтин үстүнөн ишти Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмасына ылайык тараптар менен биргеликте ишке ашырууда. Кем жерлери иштелип бүткөн долбоор ушул жылдын апрель айында Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кароосуна жана бекитүүсүнө көрсөтүлмөкчү.​