Sign In
ЕЭКтин жаңы расмий сайты иштеп баштады

ЕЭКтин жаңы расмий сайты иштеп баштады

21.01.21

Евразия экономикалык комиссиясы өзүнүн расмий веб-сайтын модернизациялады, ал Евразия экономикалык бирлигинин ишмердигин чагылдырууну өркүндөтүүгө багытталган.


Жаңы ресурс мыктыланган коммуникациялык функцияларга гана ээ болбостон, бир катар милдеттерди да аткарат. Сайттын жаңыланган интерфейсинин негизги артыкчылыгы – евразиялык интеграциялык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, дүйнөдөгү эң ири интеграциялык бирикмелердин бири болуп саналган ЕАЭБдин стратегиясын жана өнүгүүсүн максималдуу толук ачып көрсөтүү болуп саналат.

ЕЭКтин сайтынын дизайны, функционалдуулугу жана башкаруу тутуму интернет-технологиялар жаатындагы заманбап тенденцияларды колдонуу менен иштелип чыккан. Жаңы сайт түшүнүктүү навигацияга, заманбап интерфейске жана дизайнга ээ жана бир кыйла ыңгайлуу, функционалдуу жана заманбап болуп калды.

Жаңыланган ресурс адаптивдүү болуп саналат. Андагы контент колдонулуп жаткан түзмөккө жараша көрсөтүлөт, ал эми бул Интернеттин мобилдик аудиториясынын өсүү трендине жооп берет. Ошондой эле, ал өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ. Сайттын интерактивдүү жана мультимедиалык сервистерин андан ары өнүктүрүү пландаштырылууда.

Мындан сырткары, 2021-жылда Евразия экономикалык бирлигинин мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Мобилдик тиркемени App Store жана Google Play аянтчаларында жүктөп алууга болот.