Sign In
ЕЭК атаандаштыкты калыбына келтирүү үчүн "Яндекс", "Мэйл.ру", АЗАПИ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарынын катышуусунда консультацияларды баштамакчы

ЕЭК атаандаштыкты калыбына келтирүү үчүн "Яндекс", "Мэйл.ру", АЗАПИ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарынын катышуусунда консультацияларды баштамакчы

21.01.21

Евразия экономикалык комиссиясы "Яндекс" жана "Мэйл.ру" компанияларынын аракеттеринде (аракетсиздигинде) Евразия экономикалык бирлигинин монополияга каршы мыйзамдарын бузуу белгилеринин болушу жөнүндө арыздарды кароонун алкагында келишпестиктерди иликтөөнү белгилөөсүз жана жазапулдарды салуусуз жөнгө салуу жол-жобосун колдонмокчу.


Февраль айында Комиссия атаандаштыкты калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу үчүн "Яндекс" жана "Мэйл.ру" компанияларынын, арыз берүүчү – Интернетте автордук укуктарды коргоо боюнча укук ээлеринин, лицензиарлардын жана лицензиаттардын ассоциациясынын (АЗАПИ) жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарынын катышуусунда консультацияларды баштамакчы.

Сотко чейинки медиация механизмин колдонуу интернет-алптардын жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын ортосундагы теңдемди табууга мүмкүндүк берет, ошондой эле санариптик чөйрөдөгү атаандаштыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.


Эске сала кетсек, декабрь айынын аягында ЕЭКке "Яндекс" жана "Мэйл.ру" компаниялары тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин монополияга каршы мыйзамдарын бузуунун белгилеринин болушу жөнүндө арыздар келип түшкөн (ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 76-беренеси).​