Sign In
Украинадан алып келинген темир жол дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы алымдын аракети токтотулат

Украинадан алып келинген темир жол дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы алымдын аракети токтотулат

21.01.21

Украинадан алып келинген темир жол дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы чара 2021-жылдын 22-январынан тарта өзүнүн аракетин токтотмокчу. Демпингге каршы алым түрүндөгү бул чара Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 22-декабрындагы № 170 чечимине ылайык беш жылдык мөөнөткө киргизилген эле.


Аталган алым чет өлкөлүк жеткирүүчүлөрдүн Евразия экономикалык бирлигинин тийиштүү тармагына материалдык зыян келтирген нысапсыз баа атаандаштыгынан коргонуу үчүн 2016-жылдын 22-январынан тарта колдонулуп келген. 2018-жылы коюм демпингдик саясаттын күчөтүлүшүнө байланыштуу бажы наркынын 4,75%нан 34,22%на чейин көбөйтүлгөн. 2019-жылдын 25-августунан 2020-жылдын 1-июнуна чейин, суроо-талаптын кескин өсүшүнөн улам Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда темир жол дөңгөлөктөрүнүн тартыштыгын болтурбоо максатында, аталган чаранын аракети убактылуу токтотулган.


Демпингге каршы алым Бирликтин тийиштүү тармагынын өндүрүштүк-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн Украинадан демпингдик импорт келтирген терс таасиринен калыбына келүүсүнө өбөлгө түзгөн.


"ЕАЭБдин укугуна ылайык, өндүрүүчүлөр чет өлкөлүк жеткирүүчүлөр тараптан демпингге каршы иш-тажрыйбанын жаңы фактылары аныкталган учурда ЕЭКке кайрылууга укуктуу. Мындай жагдайда ЕЭК тараптан тийиштүү жол-жоболор өткөрүлөт", – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев.


Маалымат:

Учурда темир жол дөңгөлөктөрү Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында "Евраз НТМК" АК, "ВМЗ" АК, "Проммашкомплект" ЖЧШ компанияларынын кубаттуулуктарында өндүрүлөт.​