Sign In
Тигран Саркисян: "ЕАЭБдин өнүгүүсүн аныктоочу чечимдерди кабыл алуу процессинде илимий коомдоштуктун катышуусу маанилүү"

Тигран Саркисян: "ЕАЭБдин өнүгүүсүн аныктоочу чечимдерди кабыл алуу процессинде илимий коомдоштуктун катышуусу маанилүү"

21.01.20
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 20-январда ЕЭКтин штаб-квартирасында Илимий-эксперттик кеңештин жүрүшүндө билдирди. Отурумдун катышуучулары евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулашты.

Тигран Саркисян баса белгилеп өткөндөй, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын алдындагы Илимий-эксперттик кеңештин форматынын аркасында Комиссия илимий коомдоштук менен өз ара аракеттенүүлөрдү институтташтыра алды.

"Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүн андан аркы багыттарын аныктоочу чечимдерди кабыл алуу процессинде илимий коомдоштуктун катышуусу биз үчүн маанилүү. Илимий коомдоштуктун баа берүүлөрү иштин стратегиялык багыттарын иштеп чыгууда жана буга чейин аракетке киргизилген долбоорлордун ишке ашырылышын тууралоого жардам берет", – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Ал жогорку окуу жайларында жана илимий борборлордо Евразия тематикасынын изилдениши, ошондой эле аталган күн тартибине таланттуу жаштардын кошулушу чоң мааниге ээ деп кошумчалады. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) келечеги көбүнесе дал ушундан көз каранды.

"Коомдо ЕАЭБге болгон ишеним атмосферасын, Бирликке глобалдык долбоор сыяктуу мамилени жаратуу принципиалдуу мааниге ээ", – деди Тигран Саркисян.

Илимий-эксперттик кеңештин катышуучулары евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары боюнча өз сунуштарын көрсөтүштү. Комиссия тараптар менен биргеликте алардын үстүнөн иштөөдө. Атап айтканда, сунуштар ЕАЭБдин жалпы рыногунун натыйжалуулугун жогорулатууга, кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга, Комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө жана башка чөйрөлөргө тиешелүү болду.

ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев аталган стратегиялык багыттар ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын негизинде ишке ашырылат деп билдирди. Алар кабыл алынгандан кийин аларды ишке ашыруу планы түзүлмөкчү.

Маалымат

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын алдындагы Илимий-эксперттик кеңеш (ИЭК) – ЕАЭБ үчүн актуалдуу болуп саналган тренддерди жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү чакырыктарын, интеграциянын натыйжалуу моделдерин жана формаларын, регионалдык бирикмелердин улуттан жогорку жөнгө салуу жаатындагы мыкты иш-тажрыйбаларын, ЕАЭБди өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү перспективаларын жана чектөөлөрдү талкуулоо үчүн дискуссия аянтчасы. 20-январда ИЭКтин 12-отуруму болуп өттү.