Sign In
Михаил Мясникович Дмитрий Мезенцевди Бирлик мамлекетинин мамлекеттик катчысы болуп дайындалышы менен куттуктады

Михаил Мясникович Дмитрий Мезенцевди Бирлик мамлекетинин мамлекеттик катчысы болуп дайындалышы менен куттуктады

20.03.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Дмитрий Мезенцевди Бирлик мамлекетинин мамлекеттик катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

"Сиздин кесиптик бай тажрыйбаңыз жана эң жогорку инсандык сапаттарыңыз мындан ары Россия менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болот деп ишенем", - деп жазылат куттуктоо катында. 

Михаил Мясникович Дмитрий Мезенцевге чың ден-соолук, бакубатчылык жана эл аралык ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.​