Sign In
ЕЭКтин статистика департаментинин директорунун орун басары болуп Гульнара Керимханова дайындалды

ЕЭКтин статистика департаментинин директорунун орун басары болуп Гульнара Керимханова дайындалды

IMG07436.JPG
08.12.20

Гульнара Мамырбаевна Керимханова 1961-жылдын 31-мартында Жамбыл областынын Тараз шаарында (Казакстан Республикасы) төрөлгөн.

А.Н. Косыгин атындагы Москва Кызыл Туу Эмгек орденинин текстиль институтун "инженер-технолог" адистиги боюнча (1983-жыл) жана Алмата экономика жана статистика академиясын "экономист" адистиги боюнча (2003-жыл) бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун 1983-жылы "Казгипротехнолегпромдо" (Алмата ш.) инженер-технолог катары баштаган.

1998-2007-жылдар аралыгында Алмата шаарынын Маалыматтык-статистикалык борборунун I категориядагы адисинен анын башчысына чейин, андан кийин Алмата шаарынын статистика башкармалыгынын башчысынын орун басарына чейинки жолду басып өткөн.

2007-2009-жылдарда Казакстан Республикасынын Статистика боюнча агенттигинин (Астана ш.) координация департаментинин директорунун орун басары, регистрлер жана маалыматтарды жыйноо методологиясы бөлүмүнүн башчысы, регистрлер жана классификациялар департаментинин экономикалык регистрлер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

2009-2013-жылдарда Астана шаарынын статистика департаментин, ал эми 2013-2014-жылдарда Казакстан Республикасынын Статистика боюнча агенттигинин регистрлер жана публикациялар департаментин жетектеп турган.

2014-2020-жылдар аралыгында Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин регистрлер башкармалыгынын жетекчиси, Статистика боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Казакстан Республикасынын Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча агенттигинин Улуттук статистика бюросунун жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

2020-жылдын 7-декабрында Евразия экономикалык комиссиясынын статистика департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.​